Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

БИШКЕКТЕ СӨЗ ЭРКИНДИГИН КОРГОГОН МИТИНГ БОЛДУ


11-октябрда өкмөт үйүнүн алдында сөз эркиндигин коргоо максатында пикет болду. Анда «Пирамида» телеканаланын абалы, КТРди реформалоо маселеси козголду. Пикетчилердин өкүлүн өкмөт башчы Феликс Кулов кабыл алып, «Пирамиданын» эмне себептен чыкпай калганын текшерүүнү Байланыш боюнча улуттук агенттиктин башчысы Кубат Кыдыралиевге тапшырды.

Өкмөт үйүнүн алдында саат он бирде башталган пикетке 300гө чукул киши катышты. Алар негизинен «Пирамида» телеканалынын жамааты, «Атамекен», «Арнамыс» партияларынын мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болду. «Пирамида» телеканалынын журналисттери «Пирамида күйбөйт», «Тандем, Пирамиданы элге кайтаргыла» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. «Атамекен» партиясы болсо «Массалык маалымат каражаттарына эркиндик», «КТРга рефомра» деген ураандар менен чыгышты.

Пикетчилер катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков, Мелис Эшимканов, Темир Сариев жана саясатчылар Роза Отунбаева, Өмүрбек Абдырахманов, Эмил Алиев жана башкалар болду. Пикеттин максаты тууралуу Кабай Карабеков буларды билдирди:

"Биздеги эң биринчи телеканалдардын бири болгон «Пирамида» экинчи жолу эфирге чыкпай калып отурат. Акаев учурунда бир ай чыкпай калса, Бакиев учурунда үчүнчү айдан бери чыкпай турат. Бул жерде маселе техникалык себептерде эмес, болгону бийлик бул каналдын чыкпашын каалап жатат. Пикеттин максаты бийликти эл менен сүйлөшүүгө тартуу".

Бул арада «Пирамиданын» журналисттери канал өткөн жылдын 8-декабрынан бери туш болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу мааылмат бере баштады:

"2006-жыл 18-августа мамлекеттик ишкана болгон РПО РМТР өз алдынча «Пирамидага» караштуу радиорелейлик магистралды жана үчүнчү метрдик каналдын жабдуусун өчүрүп салган, 19-августа жабдуулар чыгарылып ташталган, 28-сентябрда бандиттик кол салуу болду".

Пикетке катышкан депутат Мелис Эшимканов буларды белгиледи: "Эгерде биз депутаттар, саясий партиялар сөз эркиндигин коргобосок, анда бул мамлекеттин келечеги болбойт. Бул жерде «Пирамиданын» менчик ээлеринин, КТРдин жетекчилиги жөнүндө сөз болуп жаткан жок".

Пикетчилер арасына келген президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун пикет тууралуу мындай пикирин билдирди: "Талаптары туура. Анткени сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде басылып жаткан жактары бар. Анткени «Пирамида» иштебей калды. Бирок аны бийлик иштетпей койдубу, же эмне себептен чыкпай калганын билбеймин. Бирок экинчи жагынан алганда, мисалы Акаевдин убагына салыштырмалуу көптөгөн маалымат каражаттары иштеп жатат. Журналисттерди куугунтуктоо жок, камоо жок. Көз карандысыз маалымат каражаттары өз ойлорун айтып жатат".

Пикечилердин алты кишиден турган өкүлүн өкмөт башчы Феликс Кулов кабыл алып, алардын пикирин укту. Анын жыйынтыгында премьер-министр
«Пирамиданын» маселесин иликтеп чечүүнү Байланыш боюнча улуттук агенттиктин башчысы Кубат Кыдыралиевге тапшырды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG