Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

ИРАК ИЧКИ СОГУШТАН АЛСЫРООДО


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында өз кабарчыларыбыз АКШнын Массачутестеги университеттердин биринде Ислам жана Жакынкы Чыгыш маселелерин иликтөө менен арпалышкан ирактык окумуштуу, профессор Канан Макия менен маектешип, Иракта азыр түзүлгөн абал жөнүндө ой бөлүшүүсүн өтүнүшкөн.

Өз маегинде Канан Макия көптөгөн бийик идеалдардын бастиону болгон Европа ирактыктардын өкүмдар жана сандаган адамдарды өлтүрткөн зомбучул бийликтин алдында күн көрүп келатканын ондогон жылдар бою кол кууушуруп карап олтурушканына терең капа болуп турганын баса белгилеп, акыры бул бийликти кандай болбосун шылтоо менен кулатууга белсенген Американын аракеттерин колдогонун айтты. Моралдык жактан алып караганда бул чечим Европанын турумуна караганда туура чечим болгон, деп айтты ирактык эксперт.

Бирок маселе америкалыктардын бул тарыхый маанидеги опол- тоодой жоопкерчиликтүү ишке кымындай да даярдыгы болбогонунда жатат. Ал катаачылык үчүн ага алдыда турган жылдарда эсептешүүгө туура келет. Зомбучул бийликти жаңы бийлик менен алмаштырууга ирактыктардын өздөрү да даяр болгон эмес, Иракта жаңы бийликти орнотуу жана ишти алып кетүү вазыйпасынын өтөлүнө чыга ала турган жетекчи топ да болгон эмес. Бул жагдай эми чоң проблемаларды жаратууда, деп айтты ирактык эксперт.

Иракта азыр ички согуш жүрүп жатабы?- деген суроого эксперт мындайча жооп берди:

«Иш жүзүнө келгенде ооба. Бирок бул согуш биз кадырэсе көнгөндөй ички согуш эмес. Азыркы абалды жоготуулардын көлөмү боюна ички согуш деп атаса болот. Акыркы 3-4 айдын эле ичинде кеминде 5-6 миң адам курман болду. 2006-жылдан бери эле сандаган полицисттер курман болду. Буларды эсептегенде Ирак ички согуш абалында», деди профессор Макия.

Бирок азыркы түзүлгөн абал ички согуш аныктамасына толугу менен төп келип турат дегенге да болбойт, деп сөз улантат эксперт. Анткени согушка жалаң эле сектанттык күчтөр катышып жаткан жери жок. Касташкан тараптарды так аныктоо өтө кыйын. Ички араздашууга бийликтин кыйрашы себеп болууда. Араздашуулар шиилер менен суннилердин ортосунда эле эмес, шии топторунун ич арасында да орун алып жатат деди ал.

Ирактагы абалды федералдык бийлик жөнгө сала алабы?- деген суроого профессор Макия булады билдирди:

«Мен федерализмге колдоо көрсөтүп жаткан адамдардын биримин. Бирок федерализмди этник жана диний критерийлер боюнча түзүү катаачылык болот. Бизге калк арасында, провинциялык бөлүнүү принциптеринде, инфраструктурада тамырлаган федерализм керек. Суннилерге, шиилерге жана күрттөргө бөлүп- жаруу жолу менен түзүлгөн федерализм жараксыз болот. Андай болгондо жаңжал тескерисинче күчөйт»,- деп билдирди Макия.

XS
SM
MD
LG