Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

ТАЖИКСТАН : ВЕБСАЙТТАР ШАЙЛООДО ТААСИРЛҮҮ КАРАЖАТКА АЙЛАНДЫ


11-октябрда Тажикстандын байланыш министрлиги оппозициянын жана өкмөттүк эмес уюмдардын бир нече интернет сайттарына иштөөгө уруксат берди. Азырынча андай уруксаат сайттардын баарына берилеер-берилбеси анык эмес. Бирок байкоочулар 5-октябрдагы токтому менен өкмөт 6-ноябрда өтө турган президенттик шайлоо алдында оппозициянын үнүн басып салуу аракетенип жатат, деп сыпатташкан.

Тажик өкмөтүнүн интернет менен камсыз кылган компанияларга жиберген катында Centrasia.ru, Fergana.ru, Tajikstantimes.ru, charogirus.ru жана arianastrom.com аттуу сайттарды жаап салуу жөнүндө буйрук берилген. Байланыш министрлиги мындай кадамды республиканын коопсуздугунун кызыкчылыктары менен түшүндүргөн. Рахмоновду колдогон негизги күчтөрдүн бири Тажикстандын Демократиялык Партиясы да ушундай пикирде. Партиянын аналитикалык борборунун башчысы Саймиддин Дустов аталган вебсайттарды жаап салуу зарылдыгы бар болгонун мындайча негиздейт:

«Улуттук кызыкчылыктын позициясынан алып караганда вебсайттарын жабуу зарыл. Азыркы күндө бул вебсайттар биздин жарандардын чечим чыгаруу дараметине да таасир эте ала турган дэңгээлге жетип, коомго өтө чоң коркунуч жаратып калды»,- деди аналитик.
Бирок көптөгөн байкоочулар өкмөттүн бул чечимин жакындап келаткан президенттик шайлоо алдында оппозициянын үнүн басып, аны шайлоочулардан обочолонтуу аракети катары сыпатташты. Тажикстандын «Көз карандысыз Медиа» аттуу улуттук ассоциациясынын башчысы Нуриддин Каршыбоев «Азаттыкка» буларды маалымдады:

«Менимче мындай аракеттер президентттик шайлоо компаниясы менен байланышы бар. Муну менен өкмөт окурмандарды алтернативдүү маалымат булактарынан обочолонтуу максатын көздөп жатат. Тыйуу салынган сайттардын бешөө тең расмий көз караш менен бирге ага төп келбеген альтернативдүү пикирлерди да берип турат»,- деди Каршыбоев.

Өкмөттүн мындай кадамы бейөкмөт уюмдар менен интернет сайт ээлеринин каттуу каршылыгына туш болду. "Кара тизмеге" кирип калган сайттардын бири ал тургай окурмандарга сайтка кирүүнүн башка жолдорун үйрөткөн инструкцияны чыгарганга үлгүрдү.

6-ноябрда өтө турган шайлоодо президент Имомали Рахмонов алдыңкы саптагы талапкер болуп эсептелет. Калган оппозициячыл төрт талапкердин кеминде 10 проценттен эле добуш алаары болжолдонот.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
XS
SM
MD
LG