Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

12-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1825-жылдын 12-октябрында Ф. К. Зибберштейндин кыргыздар туурасында жазган чыгармасы коомчулукка белгилүү болду. 1906-жылдын 12-октябрында империялык башкармалык Шабдан баатырга жер бөлүп берүү максатка ылайыксыз деген бүтүм чыгарган.

1825-жылдын 12-октябрында Омск гарнизонунун дарыгери Ф. К. Зибберштейндин «Путевые замечания Омского гарнизонного лекаря Зибберштейна» аттуу чыгармасы коомчулукка белгилүү болду. Чыгармада орус экспедициясынын Кыргызстанга жасаган сапары кабарланып, жолдо кездешкен географиялык аталыштар, жер өзгөчөлүгү саймедирелине катталат.

Кыргыздардын жашоо турмушу жана маданий дөөлөттөрү, этнографиялык өзгөчөлүктөрү дарыгердин көз жаздымында калган эмес. Чыгармада кыргыздардын ичара мамилеси, соода байланышы айрыкча дыкаттык менен кагаз бетине түшүрүлгөн.

1897-жылдын октябрь айындагы Шабдан баатырдын император Николай II жер бөлүп берүүсүн сураган өтүнүчү, империянын түркүм бюрократиялык мекемелеринде каралып, ал канаатандырылбай турган абалга жеткен. 1906-жылдын 12-октябрында империялык Жер тейлөө жана Жер иштетүү боюнча башкы башкармалыгы Шабдан баатырга жер бөлүп берүү максатка ылайыксыз деген бүтүм чыгарган. Мекеменин көз карашыны ылайык бу убакта Пишпек уездинде көчмөн калкка тиешелүү жер тилкелерин тактоо жана жер которгондор үчүн бөлүнчү жер аймактарын аныктоо иши башталган. Мындай шартта жеке өтүнүчтөрдү канаатандыруу баш аламандыкка алып келээри белгиленген.

Почта-телеграф конторасынын начальниги М. А. Чистяков 1912-жылдын 12-октябрында Хисамүдүн, Аман жана Кемел Шабдановдорго кат жолдогон. Почта начальниги аны Шабдан баатырдын ашына чакыргандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, баатырдын балдарына чакырылган конокторго тете сый урмат каалаган.

1991-жылдан кийинки өзгөрүүлөргө жараша өлкөдөгү жогорку аткаруу бийлиги президенттин колуна өткөн. Буга чейин өлкө президенттигине шайлоо тартиби Жогорку Кеңеште чечилгендиктен жаңы шартка жараша, мамлекет башчысын жалпы шайлоо аркылуу чечүү маселеси пайда болгон. 1991-жылдын 12-октябрында биринчи элдик шайлоо өткөрүлүп, Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч президенттигине шайланган жана анын буга чейинки бийлик ыйгарым укугу мыйзамдаштырылган.

Бу күнү, 1865-жылы англис биохимиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Артур Гарден, 1896-жылы италиялык акын, Нобель сыйлыгынын лауреаты Эудженио Монтале, 1913-жылы айтылуу кыргыз саясатчысы, коомдук ишмер Казы Дыйкамбаев, 1935-жылы атактуу опера ырчысы Лучано Паваротти, 1933-жылы акын Жапаркул Алыбаев, 1934-жылы сынчы Жанболот Абдраимов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG