БИШКЕК. Кечээ өкмөттүн жыйынында 2006-2010-жылдарда Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиясы сунушталып, кызуу талкуудан кийин кабыл алынган жок. Анда электр кубаттуулугунун бир киловатт-саатын 2,66 центке кымбаттатуу маселеси да көтөрүлгөн. Ошондой эле ХИПК программасынын айланасында сөз болуп, ага кирүү же кирбөө жөнүндө чечим кабыл алынган жок.