Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

ӨЛТҮРҮЛГӨН ЖУРНАЛИСТТИН ЭЧ ТААСИРИ ЖОК БОЛЧУ ДЕЙТ ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ


Нарын АЙЫП, Прага 7-октябрда Маскөөдө атып өлтүрүлгөн атактуу орус журналисти Анна Политковская орус коомунда жана интеллигенттер арасында эбегейсиз кадыр-баркка ээ болчу. Анткен менен ал жөнүндө жана анын өлүмү тууралуу ар башка пикир айтылууда.

Политковская жана ал иштеген "Новая газета" Чеченстандагы согуш тууралуу чындыкты айтып, орус бийлиги менен президент Владимир Путинди катуу сынга алган бирден-бир басылма жана журналист болчу. Дүйнөлүк маалымат каражаттары Политковскаянын өлтүрүлүшүн эң негизги жана орчунду окуя катары баалашты.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын башында Варшава шаарында бир нече орус жаш жигит сабалып кеткенде ал тууралуу дароо атайын билдирүү жасап, күнөөлүлөр сөзсүз табылыш керек деп жарыялаган Путин Политковскаянын өлүмү тууралуу эки күн өткөндөн кийин гана биринчи жолу сүйлөдү. Алманияга сапар менен барганда болсо Путин Политковскаяны - Орусиянын саясатына эч таасир тийгизе албаган журналист болчу деп да айта кетти:

"Бул журналист чындап эле орус бийлигин катуу сынга алып келген адам болчу. Бирок, менин оюмча, журналисттер билиш керек - кандай болсо да эксперттер аны абдан жакшы түшүнөт - анын Орусиянын саясатына тийгизген таасири эң төмөн деңгээлде болгон. Журналисттер менен укук коргочулар арасында жана Батышта аны чындап эле билишчү. Бирок, мен дагы бир жолу кайталайм - Орусиянын саясий турмушуна анын таасири минималдуу болгон", - деди Путин Дрезден шаарында.

Атактуу укук коргоочу, Маскөөдөгү Хельсинки тобунун төрайымы Людмила Алексееванын пикири такыр башка: "Негизинен ал чечен маселеси жөнүндө бардык жерде айтып келген. Чечен элинин азабы анын жүрөгүн такай өйүткөн маселе болчу. Билесизби, Анна Политковскаяны Чеченстанда кудайындай көрбөгөн адам болгон эмес. Аны баары таанычу, анын сүрөтүн чыгарып алып, үйлөрүндө, башка жерлерде эл илип алып жүргөн", - дейт Алексеева.

Карапайым калк аны канчалык барктаганын Чеченстандын Сержен-юрт айылынын тургуну Амина деген аял айтканы далилдейт: "Айыл тургундарынын кими менен сүйлөшпөсөм дагы, алардын баарынын - журналистикага жана жаңылыктарга таптакыр кызыкпагандардын дагы - баарынын азыр кабыргасы кайышып турган кез. Чеченстанда болуп жаткан алаамат жөнүндө ал чындык айткан жалгыз адам болчу. Албетте, бийлик андай чындык айткан жана жапа чеккендерге боору ооруган адамдарды жакшы көрбөйт. Алар эң жакшы адамдарды өлтүрүп жатышат", - дейт Амина.

XS
SM
MD
LG