Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

ҮЧ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ ИРАКТА 655 МИҢ КАРАПАЙЫМ АДАМ ӨЛГӨН


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөргөнүнө үч күн толду жана биринчи эле күнү башталган Бириккен Улуттардагы консультациялар дагы эле уланып жатат. АКШ президенти Буштун айтымында, маселени чечүү үчүн дипломатияны толук колдонуш керек. Андан тышкары, президент Вашингтондо журналисттер менен жолукканда - Ирактагы согуш учурунда өтө көп карапайым адам өлгөнү тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Түндүк Кореядагы сыноо өткөрүлгөн 9-октябрда Вашингтон дароо - Пхеньянга каршы санкция жарыялаш керек деп чыккан жана Бириккен Улуттарда шашылыш талкуулар башталган. Анткен менен Кытай жана Орусия - маселени дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү жоюла элек деп билдирген, ошондуктан акыркы күндөрдө Вашингтон дагы дипломатиялык ыкмага ыктай баштады. Ал тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, андан соң Бириккен Улуттардагы өкүл Жон Болтон жана акырында 11-октябрда кечинде президент Жорж Буш дагы билдирди.

Бирок америкалык жетекчилик андай дипломатияны алты тараптуу сүйлөшүү аркылуу гана жүргүзүүгө макул, Түндүк Корея болсо Вашингтон менен тикелей сүйлөшүү жүргүзүүнү талап кылууда жана эки тараптуу жолугушуу өткөрүлсө жакшы болор эле деп 11-октябрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дагы билдирди. АКШ ага каршы:

"Буштун администрациясы Түндүк Корея жетекчилиги менен бетме-бет сүйлөшүш керек деп айтыла баштады. Бирок мен айтаар элем, андай эки тараптуу сүйлөшүүлөр мурда жыйынтык берген эмес, андай стратегия жарабай калган. Ошондуктан мен андан жыйынтык чыгардым жана Ким Чен Ирди өзөктүк куралдан баш тарттыруу үчүн башка мамлекеттер дагы чогуу аракет көргөнү эң жакшы ыкма болот деген корутундуга келдим", - деди Буш 11-октябрда.

Алты тараптуу сүйлөшүүгө АКШ, Жапония, Кытай, Орусия жана эки Кореянын өкүлдөрү катышып келген, бирок андай сүйлөшүүлөр былтыр ноябрда токтоп калган, анткени Макао аралындагы бир банкта Түндүк Корея арам акчаны адалдаганын Вашингтон ачканда, Пхеньян сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

Бирок, Ирак маселеси боюнча Вашингтон башка мамлекеттер менен жана Бириккен Улуттар Уюму менен акылдашып, бир пикирге келбестен согуш баштаган. Президент Буш ал маселеге да кайрылып, Вашингтондун Ирак саясаты боюнча азыр канча сын айтылса дагы, АКШ Ирактан өз аскерлерин чыгарбайт деп билдирди. Анын айтымында, Ирак саясатын америкалык жетекчилик жергиликтүү шарттарга жараша такай өзгөртүп келатат жана орчундуу ката кетирген жок. Акыркы жарым жылдын ичинде Ирактагы абал өтө курчуду жана АКШ өлкөгө кошумча аскер киргизүүгө аргасыз болду, сентябрга чейин Иракта 127 миң америкалык аскер болсо, акыркы күндөрдө алардын саны 141 миңге чейин жеткирилди.

2003-жылдын мартынан бери Иракта 2750 америкалык аскер курман болду, калк арасындагы чыгашалар тууралуу болсо маалыматтар ар башка. Америкалык жетекчиликтин айтымында, үч жарым жылдын ичинде 30 миңге жакын адам набыт кетти. Улуу Британияда чыккан белгилүү "Ланцет" деген медициналык илимий журналдын 12-октябрда чыга турган санында болсо Иракта 655 миң карапайым адам өлдү деген маалымат келтирилүүдө.

Ал тууралуу алдын ала кабар жарыялангандыктан, президент Буш аны 11-октябрда жокко чыгарды. Журналдын айтымында болсо, согуштун айынан өлгөн 655 миң адамдын кеминде 186 миңи чет өлкөлүк аскерлердин бомбалоосу же башка аракеттеринен курман болгон.

XS
SM
MD
LG