Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

"ӨНӨР МАЙРАМЫНДА" ӨТӨ ТАҢ КАЛТЫРГАН ЧЕБЕР УСТА


“Өнөр майрамы” көргөзмөсүндө мүйүздөн, сөөктөн ар кандай сувенир буюмдарды жасаган уста Халил Момунов биринчи орунга татыктуу болду.



Халил Момунов көбүнчө кулжа, текенин мүйүздөрүнөн жоокер куралдарын, жана ар кандай жаныбарлардын сөлөкөттөрүн чагылдырган сувенирлерди жасайт. Мүйүздөрдү болсо мергендерден сатып алат. Халил мырза мүйүздү бир көрүп эле андан эмне буюм жасоого болоорун билип коем дейт.

-Жөнөкөй элдер мүйүз экенин көрсө, мен колума алып туруп эле анын ичинде эмне жатат ошону көрөм. Алдын ала эле эмнеге керектүү экенин, кандай буюм жасааларын билип коем.

Бул буюмдардын баалары жасалышына карата ар кандай баада. Негизинен эки миң сомдон өйдө турат. Устанын айтымында анын колунан жаралган буюмдарды көбүнчө чет жактан келген конокторго белек катары сатылат. Көбүнчө ак үйдөн заказ беришет. Мисалы Лужков келгенде Халил Момуновдун эки жаасын сатып алышып, белекке беришкен. Буга чейин Джордж Сороско белек кылынган. Ошондой эле Орусиянын президенти Путинде да бар.



2005-жылдын май айында Халил Момунов Букарада өткөн Орто Азия кол өнөрчүлөр фестивалына катышып келген. Ошондой эле Алматыда ай сайын өтүүчү Орто Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышып турат. Ал эми өткөн жумада Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде уюштурулган “Өнөр майрамы” көргөзмөсүндө биринчи орунга татыктуу болуп диплом жана беш миң сом акча менен сыйланды.

Келечекте Халил мырза Кожожаш атындагы жаачылардын мектебин ачып, кыргыздардын жамбы атмай салтын өнүктүрүүнү ниет кылууда.

-Кырк жигитти алып туруп, ошолорду жаа атканга үйрөтөм. Жаасын өзүм жасап берем. Ал эми ал мектепке шарт түзүш үчүн ал балдарды алгач айын миң сомдон акча төлөтүп окутайын деп ойлоп жатам. Мына ошол түшкөн акчага ат сатып алып, дагы башка керектүү буюмдарга жумшап, мектепти өнүктүрсөк деген тилегим бар.

Учурда Халил Момунов октябрдын соңунда Алматыда өтүүчү кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө даярданууда. Андан соң Орусияда боло турган мергенчилердин көргөзмөсүнө сапар алат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG