- Бир топ эле иштер жүрүп жатат. Эң акыркыларынан айта турган болсом, өзүңүз жакшы билесиз, былтыркы жылы Жогорку Кеңеш депутаттарыбыз ЭЛТР үчүн 25 млн. сом каражат бөлүшкөн эле. Тендер өтүп, төрт передатчик алардын алдында турабыз. Бүгүнкү күндө биздин каналды дээрлик көпчүлүк калктуу пункттар көрүп жатат. Биздин республика тоолуу өлкө болгондуктан толук кандуу каналга айландырыш үчүн ар бир кокту-колотко чейин 30-40 передатчик коюшка туура келет. Ошонун төртүн алганы турабыз. Алар Көлгө, Жалалабатка, Баткенге, Бишкекке коюлмакчы. Бул албетте бир топ аудиториясын кеңейтмек.
Андан сырткары бир топ уюштуруу, чыгармачылык, финансылык иштер жүрүп жатат. Акыркы жаңылык, ОБСЕ менен биргеликте “Саясий арена” деген жаңы долбоор ишке кире баштады. Бишкектеги берүүлөрүбүздүн көлөмү, убактылары көбөйө баштады. Парламенттин атайын жумалыгын чыгара баштадык. Чыгармачылыкта да, уюштурууда да бир топ эле иштер болуп атат.
- Эгер чын эле ЭЛТРди дагы чыңдоо керек деген чечим кабыл алынса, анда ушул берүүлөрдү бүт республикага таратуу мүмкүнчүлүгү канчалык болот?
- Албетте кеңеймек. Бирок президентибиз бул маселеге өзүнүн позициясын ачык, так билгизди. Коомдук телеканал боюнча Жарлыкка кол койгон. ЭЛТРди бардык жагынан чыңдап, өзүнчө толук камдуу каналга айландыруу маселесин коюп, мындан бир аз мурда мамлекеттик катчыбыз Мадумаровго тапшырган бул маселени. Ал киши ооруп ишке чыкпай жүргөндүгүнө байланыштуу, мүмкүн өзүнүн аппарат жетечиси Мыктыбек Абдылдаевге да тапшыргандыр. Ага карабастан, менин Бишкекте жүргөнүмө 10 күндөй убакыт болуп калды, ал мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын кабылдамаларына жазылып койгондугума, өзүм демилге кылгандыгыма карабастан, маселе чечилмек турсун али мени кабыл алыша элек.
Ошондон ойлоп калдым мен, көп учурда ушундай мамлекеттик улуттук маселелер ортодогу оюндардан, тымызын бут тосуулардан аксай берет экен дагы. Көп учурда президентке коомчулуктун күнөө коюусу күчөй берет экен. Ушуну мен өзүм да көрүп, байкап турам. Бир эле бул маселеде эмес, башка маселелерде дагы чечкиндүү, оперативдүү иштин жоктугун байкадым.
- Сиздерде Байкоочулар кеңеши деген орган түзүлгөн. Ошонун редакцияга саясатка таасири барбы?
- Эки жолу жыйын өттү. Өзүңүздөр билгендей алар кадыр-барктуу адамдар, Кусейин Исаев, Абдыганы Эркебаев, Кадыркул Өмүркулов сыяктуу сындуу кишилер. Жакында эле жыйында 2007-жылдын бюджетин карап беришип, материалдык-техникалык базасын тез чыңдап, муну толук кандуу каналга айландыруу зарыл экендигин алар да айтышты.
Борбордук аппараттык студия Ошто тургандыгына байланыштуу бүтүндөй Кыргызстанда болуп аткан окуяларды кенен чагылдырууга мүмкүн болбой атат. Ошондуктан борбордо өзүнүн аппараттык студиялык комплексин тез түзүү маселеси бүгүн күн тартибинде туруп атат. Биринчи каналыбыз бизди бөлүп чыгарды, кыргыздын салтында деле улуу баласын бөлүп чыгарганда тамак-ашын, оокат-жайын бөлүп чыгарат, мыйзам боюнча деле бир структурадан бир структура бөлүп чыкканда өзүнүн энчисин алып бөлүнүп чыгат. Ошондуктан эски студияларынын бирин ЭЛТРге берсе туура болот эле деген пикир бир эле менде эмес коомчулук тарабынан да айтылып атат. Мүмкүн жакынкы кайсы бир форматта жолугушуулар болсо ушул маселени коеюн деп атам. Биринчиден Россиянын ОРТ менен РТР эки каналын Кыргызстандын бардык аймагына көрсөтөт, алардын техникалык кубаттуулугун билесиздер. Кыргызстанда Россиянын эки каналын кармап туруш үчүн 43 млн. сом бөлүнөт.
Суроо салган Улан Эшматов