Төрт жылдан бери Талас шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Кенжалы Орозалиев менен шаардык мугалимдер ортосунда келишпестиктер бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Нааразылык акциясына чыккан мугалимдер колдоруна “Орозалиев менен иштешпейбиз. Орозалиев коллектив менен иштегенге моралдык укугу жок” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Талас шаарындагы "Акбешик" бала бакчанын жетекчиси Нуриса Накыпова чатактын башы 2002-жылы Талас районунан Талас шаардык билим берүү башкармалыгына которулуп келгенден баштап Кенжалы Орозалиев өзүнүн этикалык жактан мугалимдерге орой мамилесин көрсөтүп келгенин төмөнкүчө айтты:
- Келген учурдан баштап эле Кенжалы Орозалиев мектептин директорлоруна, бала бакчалардын жетекчилерине орой мамиле жасап, оозго алгыс жаман сөздөр менен сөккөн күндөрү да болгон. Бизди жетекчи катары эмес, адам катары өзүнүн көз алдында элестетчү эмес.
Кенжалы Орозалиев чындыкты бетке айтканы үчүн күнөөлүү болуп жатат дейт пенсионер Шибергүл Жылкычиева:
- Чындыкты бетке айтканы үчүн ушул кишиге зыянчылыгы тийип атат. Сотту жокко чыгаруу боюнча ар бир Конституцияны билген адам мындай деп сүйлөбөйт. Соттун чечими чечим болуш керек. Сотто калыстык болбосо анда биз кантип жашамак элек. Менимче калыстык барынан ушундай чечимдер чыгып атат, - деп жүздөн ашык мугалимдерге жалгыз каршы сүйлөп чыкты.
Жогоруда айтылган сөзгө Талас шаарынын №5 орто мектептин директору Гүлнара Иманкулова нааразы болду : "Орозалиев мыкты, акыйкатчыл, чындыкты бетке айткан киши эле деп айтып атасыз. Ошол туура болсо жок дегенде 10 пайыз мугалимдер колдойт эле. Орозалиевдин кордугун көргөн үчүн чыгып атабыз."
Облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков "мени эки жыл мурун башталган ишке аралаштырбагыла. Орозалиевди ушул кезге чейин көрө элекмин", деп мугалимдердин арыз-муңун угуп, айтылган дооматтарды протоколго түшүрүп Билим, илим жана жаштар саясаты министрине жөнөтүп, маселени чечкенге аракет кыларын мугалимдерге билдирди.