БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокомпаниясынын "Эркиндик" гүлбагында жайгашкан теленин жабдыктарын керектен чыгарууга кайрадан акция уюштурулушу мүмкүн деп кооптонуп аталган компаниянын жетекчиси 12-октябрда Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине, «Кыргызтелекомдун» алдындагы радиотележыштыктар боюнча башкармалыкка кат жолдоду. Компаниянын жетекчилиги укук коргоо органдарынан теле жабдыктарды сактап калуу чарасын көрүүнү өтүнгүн. (AJ)