1854-жылдын күзүндө Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыз элчилигин Омск шаарына чакырган. Генерал-губернатордуктун Тыш иштер министрдигине жазган 13-октябрдагы кайрылуусунда бугу уруусу империянын курамына алынышын тилеп атайын элчилик камдагандыгы жана анын башына Кажыбек Шералинди дайындагандыгы кабарланат.
Мындан тышкары, бугу уруусу империяга болгон букаралыгын таанып, орус кербен жолун коргоп берүүгө даяр экендиги билдирилген. Бугу уруусу Кокон же Ташкен бийликтеринен эркин абалда калып, Россиянын душманы алар үчүн да ошондой душман экендиги таанылган.
1862-жылы Чүй боорундагы кыргыздар орус бийлигине ыктыярдуу карагандан кийин, 1863-жылы теңиртоолук кыргыздар да келечек өнүгүүсүн Россияга түздөгөн. Чериктердин чоң манабы Турдумамбет Тоймаматов Алатоо округунун начальниги Колпаковскийден букаралык сурап кайрылган. 1863-жылдын 13-октябрында чериктер орус бийлигине киргендигин күбөөсүнө деп шерт каармап, ант беришкен. Алардын анты орус тилине которулуп, анда чериктердин бий, манаптары жана калган уруу башчылары чогуусу менен императордун амирине көнүп, ага түбөлүк кызмат көрсөтөөрү айтылган. Мындан тышкаары, алар уруксатсыз башка өлкөнүн кызматына өтпөй тургандыгы белгиленген.
1863-жылдын 13-октябрында Аксай жана Чатыркөлдүн кыргыздары Россия империясынын амирине киргендигин билдирип, орус бийлигине ант берген.
Түркстан райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги М. Н. Волков 1916-жылдын 13-октябрында Түркстан генерал-губернатору А. Н. Куропаткинге Жетисуу областында өткөн көтөрүлүш туурасында түшүндүрмө жөнөткөн. Райондук начальник Чүй өрөөнүндө башталган көтөрүлүштүн хронологиясы, мүнөзү жана өнүгүшү туурасында маалымат берип, анын жетекчилери жөнүндө мүнөздөмө берген. Мындан тышкары, көл кылаасында көтөрүлүш боюнча кабар жолдоп, андан жапа чеккендер менен шейит учкан адамдардын саны жана талоончулук туурасында маалымат жолдогон.
1999-жылдын 13-октябрындагы президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Баткен областы уюшулду. Жаңы областка Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору кирген.
Бу күнү, 1884-жылы Гринвич нөлдүк меридиан өткөн орун катары белгиленип, 1923-жылы Түркиянын борбору Стамбулдан Анкарага көчүрүлүп, 1821-жылы немец патологу Рудольф Вирхофф, 1925-жылы англис саясатчысы Маргарет Тэтчер, 1933-жылы совет кинорежиссеру Марк Захаров, 1919-жылы акын Сатин Абдыкеримова жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков