Алардын үч миң беш жүзүнө Сауд Аравиясында жата турган жай бекер берилет. Бул тууралуу Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуманов бүгүн билдирди. Анын айтымына караганда, Меккеге барчулардын тизмесине алгачкылардан болуп, былтыр документ тапшырып, бирок баралбай калгандар кирди. Быйылкы жылы ажылыкка аттангандар учак менен гана барышат. (AiT)