Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

НОБЕЛДИН ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫН БАНГЛАДЕШТИК БАНКИР АЛДЫ


Нобелдин быйылкы жылдагы тынчтык сыйлыгы Бангладештин жараны Мохаммед Юнуска жана ал түзгөн Grameen банкына ыйгарылды. Норвегия Нобел комитетинин чечимин угузуп жатып, анын башчысы Оле Дабольт Мьес сыйлык ээлеринин калктын төмөнкү катмарынын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзгөнүн, жакырлыкка каршы күрөшкө чоң салым кошконун белгиледи.

Быйылкы тынчтык сыйлыгы тең экиге бөлүнүп, жарымы - төмөнкү катмардын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө көмөктөш болгону үчүн Grameen банкына, жарымы – бул жолдогу лидерлиги жана кажыбас кайраты үчүн банктын негиздөөчүсү Мохаммед Юнуска ыйгарылды.

Мохаммед Юнус 66 жашта. Мындан отуз жылдай мурда жакырчылыкка каршы күрөшкө жарнакташ болуу максатында банк ачкан. Grameen банкы жалаң жакыр-жалчыларга майда кредиттерди берет жана мунусу үчүн насыякорлордон эч кандай финансылык өтүлдүк талап кылбайт.

Норвегия Нобел комитети Мохаммед Юнус өзүн Бангладеште эле эмес, башка да көптөгөн өлкөлөрдө миллиондогон адамдарга пайда-батасын тийгизген соопкер-лидер кылып көрсөтө алды деп эсептейт. Комитеттин чечиминде Grameen банкы чакан кредиттер чөйрөсүндө көптөгөн мекемелер үчүн идеялардын булагы болгону, анын өнөгөсү азыр бүт дүйнөгө таркаганы айтылат.

Grameen банкы – кыргызча которгондо айыл банкы дегенди билдирет. Банкты түзүп жатып, Юнус насыяга коер күрөөсү жок, бирок бизнес-идеясы айыл жериндеги экономиканы өнүктүргөнгө өбөлгө боло алчу адамдарга жана жамааттарга финансылык колдоо көрсөтүүнү көздөгөн. Юнустун тажрыйбасы Читтагонг университетине жуук турган айылда башталып, калкка өтө алымдуу болуп кеткендиктен өкмөт аны колдоп, бүткүл провинцияга жайылткан.

Банк кыйын-кыстоо кезеңдерге да туш болду. Аялдардын абалын жакшыртууну көздөгөн насыяларга фундаменталисттер байкот жарыялашкан, андан соң 1998-жылдагы апаттуу суу ташкында бир топ чыгым тартты. Азыркы күндө банк улуттук статуска жетишти жана бүткүл өлкөдө эки миңден ашуун бөлүмдөрү бар.

“Калктын кеңири катмары жакырлыктан чыгуунун мүмкүндүгүн таппай турган кезде туруктуу бейпилдик болбойт. Чакан кредит ушул абалдан чыгуунун бир жолу. Төмөнкү катмардын өнүгүшү демократияны жана адам укуктарын да илгерилеткенге кызмат кылат”, - деп белгиленет Нобел комитетинин чечиминде.

2000-жылы Улуттар Уюмундагы сөзүндө Мохаммед Юнус жакырлыктан чыгуунун дагы бир жолун көрсөткөн эле. Анын айтымында, “майда кредит бакырга бакубат берет. Маалым технологиясынын да ушундай күчү бар. Чакан насыя менен маалымат технологиясы биригип, дүйнөлүк жакырлыкты жойгонго жардамдашат”.

Нобел сыйлыгын Юнус айыл бизнесин өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун издөөгө сарп кыларын билдирди.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгы өзүнүн татыктуу ээсин тапты деп билдирди : «Менин оюмча, бул сөзсүз Нобел сыйлыгына татый турган идея, проект. Мухаммад Юнус жалаң эле ушул Бангладеш үчүн гана эмес, дүйнө жүзүндөгү миллион, миллиард элге жардам берген адам экен. Ошолордун ичинде кыргыздар биз да барбыз».
https://realaudio.rferl.org/ch1/2006/10/12/20061012-HourMinuteSecond--program.rm?start=MM:SS&end=MM:SS

XS
SM
MD
LG