Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусиядагы Орус-чечен достук уюмунун жабылышы сынга алынууда


"Эмнисти интернешнл" деген укук коргоо уюму кечээ күнү Орусиянын Нижний Новгород шаарындагы Орус-чечен достук уюмун жабуу тууралуу кечээ күнкү сот чечимин сынга алды. Ал уюм Чеченстандагы согушта жапа чеккен жарандарга жардам берип, алардын маселелерин көтөрүп келген жана "Эмнисти интернешнлдин" айтымында, бул чечим Кремилдин жалпы стратегиясынын ажырагыс бөлүгү. Чечен маселеси жөнүндө жазган атактуу журналист Анна Политковская 7-октябрда Маскөөдө өз үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG