Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

БЫЙЫЛ КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТИЦИЯ БЫЛТЫРКЫДАН ТӨРТ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ


Быйыл өткөн жылга салыштырганда сырттан инвестиция 3,7 эсе көп келди. Чет эл инвестициясы көбүнесе банк секторуна, өнөр жай, тоокен, курулуш, айыл чарбасына арбын келүүдө. Анткен менен Кыргызстан экономикасынын кыраркасын түзгөн энергетика секторундагы абал жакшыра элек.

Чет эл инвестициясы жылдагыдан быйыл өзгөчө арбын келгенин 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов белгиледи:

- Кыргызстанга инвестиция келип атат. Анын ичинде ири инвестициялар да бар. Өткөн жылга салыштырмалуу инвестициялар 3,7 эсеге өстү. Кайсы бир пайыздык өсүштү эмес, эселеп жогорулоону айтып жатабыз.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасарынын ырасташынча, инвестиция банк сектору, өнөр жай өндүрүшү, курулуш, туризм, кайра иштетүү тармактарына келүүдө. Д.Үсөновдун оюн улап, Казакстандагы эң ири «Туран-Алем» банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Мухтар Аблязов Кыргызстанда чет эл инвестициясы үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи:

- Биз бул жерде банк секторунда болгубуз келет. Биздин банк ипотека программалары боюнча эң ири оператор болуп эсептелет. Ошондон бул жерде ишкердик кылууга толук шарт-жагдайлар түзүлүп калганын көрүп, мисалы, ипотеканын өсүп атканын байкап, кыргыз базарындагы ипотека программасына кирүүнү чечтик.

М.Аблязов жалаң ипотека курулушунан тышкары «Туран-Алем» банкы Сарыжаздагы калай-вольфрам заводунун курулушуна, «Макмал», «Теpексай» алтын кендерин, автожол, аба каттамдарын жакшыртууга каражат жумшоого ниеттенип жатканын маалымдады.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги эң ири жеке банктардын бири Кыргызстанга баш-аягы 1,5 миллирад доллар инвестиция алып келүүгө куштар. М.Аблязов бул жерге чет элдик ири инвесторлордун арбын келишине тоскоол болгон жагдай катары жердин чет элдик жарандарга сатылбастыгын, жердин сатып алуу – сатуу объектисине айланбай жатканын мисалга тартты.

Кыргыз өкмөтү кыйладан бери «Камбарата 1 - 2» ГЭСтерине чет элдик ири инвесторлорду таба албай келатат. Орусиялык аллюминий тармагын тейлеген ишкерлердин аягы сууй электе, бул жерге казак бизнесмендери кызыга баштагандыгы маалымдалган. Данияр Үсөнов азырынча, эки ГЭСке канча каражат жумшалары так эсептелип, курулуштун техника-экономикалык негиздемеси түзүлүп жатканын маалымдады.

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин башчысы Акматбек Келдибеков «Камбарата» ГЭСтери жакынкы жылдарда курулуп бүтпөсө Кыргызстан өзү сыртка электр сатууну кой, энергетикалык таңкыстыкка кабылышы мүмкүн дейт.

- Энергетика өзүбүздөн, баарына жетет, деген менен ал түндүк менен түштүк аймактардын кээ бир жерлерине жетпей жатат. Себеп дегенде, бөлүштүрүү компаниялардын баары баягы союз кезинде Ташкенде курулуп калган. Ошон үчүн «Камабарата 1 – 2» ГЭСтерин тезирээк куруп, сууну колдонушту, аны жөндөөнү чечүү боюнча Өзбекстан менен теңтайлашсак болчудай.

Ал эми кытайлыктардын инвестициясы менен тикеленчү Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу жайлап, ага байланышкан проблемаларды президент К.Бакиев ушул айдын аягында жеринде барып чечип келүүгө камданып жатканын Д.Үсөнов маалым кылды.

Өкмөт бир колу менен Кызылкыя Түштүк Кыргызстан цемент заводун курууга уруксат берип, экинчи колу менен орусиялыктардын «Аксай цемент» заводуна жол ачып, ортодон олчойгон проблема чыгарууда.

Ал эми Нарын дарыясында курулчу электр станцияларынын проблемасы барып-келип парламентке такалууда. Өкмөттүн энергетикалык бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү демилгесин жактырбаган парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгү «Камбарата» ГЭСтерин чет элдик инвесторлорго берүүнү мыйзамдык негизде чечүүгө каршы эмес.


Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG