Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

ИСАКОВ 50 ЖЫЛДА 500ДӨН АШЫК КОМУЗЧУ ЧЫГАРДЫ


Бүгүнкү кебибиз өткөн кылымдын 70 жылдарынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин мектеп окуучуларына, улан-кыздарга өнөрүн үйрөтүп келе жаткан көрүнүктүү комузчу, бир нече жолку Бүткүл союздук, эл аралык, республикалык сынактардын, фестивалдардын лауреаты, “Ардак белгиси”, “Эл достугу” ордендеринин ээси Медербек Исаковдун устаттык чыгармачылыгы жөнүндө болмокчу.

Медербек Исаков – көрүнүктүү комузчу-аткаруучу, күүчү. Ал азыр 72 жашта. Кадырлуу карыя 6 жашынан колуна комуз кармап, кыл тырмап, бүгүнкү күнгө чейин ар кыл курактагы шакирттери менен сахнанын төрүнөн түшпөй, жүздөгөн угуучуларга эрмек болуп келүүдө.

Көрүнүктүү комузчу башка шайырлардан айырмаланып, жеке гана сахнага өзү күү чертип чыкпастан, курамы шыктуу мадыра баш балдардан, солкулдаган боз уландардан, сүлкүлдөгөн бийкечтерден турган комузчулар ансамблин уюштуруп, бүткүл өмүрүн, бүтүндөй билген өнөрүн аларга арнап, күүлөр дүйнөсүнө үгүттөп, кесибин үйрөтүп келет.

Ал 47 жылдын аралыгында баш-аягы 500дөн ашык таланттуу кыргыз, орус, казак, уйгур, дунган, өзбек ж.б. улуттардын өкүлдөрүн байыркы аспапка үйрөтүп уядан учурду.

Өзү жетектеген жаш комузчулар ансамбли менен Индия, Алжир, Түркия, Вьетнам, Россия ж.б. ондогон чет өлкөлөрдө гастролдо болуп, комуздун кереметтүү күүлөрү менен тааныштырды. Азыр да карыя комузчу карылыкка моюн сунбай, алдан –күчтөн тайбай, акылдан жанбай өнөрүн жеткинчектерге үйрөтүүдө.

Ордо калаанын Жал чөлкөмү. Абдыкерим Сыдыков атындагы №72-орто мектептин экинчи кабатындагы чакан залга баш бакканымда Медербек карыя он жаштагы комузчулар ансамблининин катышуучулары менен:

- Комузду мындай жакшылап кармагыла. Оң колдун манжаларын мындай төмөн, өйдө шилтегенде 1-2-3-4. Чыпалакты 1-2-3-4 деп кайыргыла – деп кезектеги машыгуу өткөрүп жатканда салам айтып кирип бардым.

- Меке, курамы ар улуттан турган комузчулар ансамбль экен. Топ качан уюшулду эле? Балдардын өнөрүн көрсөк кантет?

- Ырахмат. Өзүңүз кирип турган мектеп Жалдагы №72-орто мектеп. Мен өзүм эс алууга чыккандан баштап ушул мектепте иштеп жатам. Өзүңүз көрүп турасыз комузчулар ансамблинин катышуучулары ар улуттун өкүлдөрү. Алсак орус, дунган, татар улуттагылардын балдары. Мен азыр кезектеги машыгууну өткөрүп жатам. Бүгүн Атай Огомбаев “Жаштар маршын” үйрөтүп жатам.

Ансамблдин катышуучулары Атайдын “Жаштар маршын” чертип бүтөөрү менен алардын айрымдарына микрофон сунганымда:

- Мен өзбек кызымын. Атым Кубанычбек кызы Анара. Мен комузга кызыгып жүрөм. Мен кичинекей кезимде эле комуз черткенди көрүп аябай кызыкчумун. Азыр Медербек Исаков агайдын классында окуп жүрөм. Мага комуз черткен аябай жагат.

Ансамблдин дагы бир катышуучусу:

- Мен казактын уулумун. Атым Марлен. Комузга үчүнчү класстан бери катышып жүрөм. Мага комуз аябай жагат. Мен домбураны үйрөнө албай коюп комузга катышып жүрөм.

- Ансамблде канча күү чертесиңер?

- Беш күү чертебиз.


Белгилүү комузчу Исаков жетектеген комузчулардын ансамбли “Кер өзөндөн” кийин айтылуу Токтогулдун “Чоң кербезин” чертип беришти.

Ырахмат, талантыңар ташкындай берсин! Агайыңарга чын ден-соолук деп, кош айтышып кеттим. Кулагыма болсо Медербек Исаковдун жаш жеткинчектерге үйрөтүп жаткан күүлөрү жаңырып, ырахатка батып комуз күүлөрү өчпөсө экен деп, кыялга чөмүлүп бараттым.

Балбай Алагушов, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG