Кыргызстандын эли жана экономикасы үчүн бирден-бир кирешелүү болуп саналган пахта өстүрүү жылдан-жылга кыйындап баратат дешет адистер. Буга себеп ириде анын сатылыш баасы болууда. Байкоочулар акыркы 5 жылдан бери пахтанын баасы жогорулабай жаткандыгын белгилеп, мындан дыйкандар гана эмес, Кыргызстандын айыл чарба тармагы, экономикасы да чоң зыянга учурап жаткандыгын айтып келишет. Эгер акыбал ушул бойдон кала берсе, пахта өстүрүү тамеки сыяктанып өндүрүүдөн калып калуусу мүмкүн.
Тектеш