БИШКЕК. Баткен облустук бийлигине кадамжайлык Уулжан Мулладжанова жалпы наркы 273 миң сомдук чылым салынган кутуларын өзбек чек арачылары күчкө салып тоноп кеткени тууралуу арызданды. Окуя Кадамжай районунун кыргыз-өзбек чегиндеги Марказ айылына жакын жерде болгон. Жабырлануучунун айтымында, Кыргызстандын аймагында бараткан тракторго чуркап келишкен өзбек чек арачылары кыргыз жарандарын курал менен коркутушуп, ага жүктөлгөн кутуларды Өзбекстандын аймагына ташып кетишкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» кабарлаган облустук бийликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди. (SM)