Маскөөдө азыр славян өңдүү тургундар кыйбатчылыктан коркушса өңү орустарга окшобогондор өз жанынан коркуп жашаган кез. Метродо баратканда улутчулдар «вагондо грузин баратат!»-деп кыйкырып, станциядан аларды кармап милицияга өткөрүп берүү болууда. Көчөдө улутчул жаштар түсү бөлөктөргө ачык эле кол салып калышты.
14-октябрда кыргызстандык бир эмгек мигранты «Аврора» паркында көчө шыпырып жүргөндө анын 23 жаштагы баласын ошол жердеги, Даниловская набережная көчөдөгү 649-мектептин короосунан кимдир бирөөлөр сабап кетишкен. Кийин ал тез жардам унаасы келгенге дейре эсине келе албай жатып жан берген.
ИНТЕРФАКС агенттиги алгач маалымат таркаткан бул кайгылуу окуяны тагыраак билүү максатта Маскөөдөгү кыргыз диаспора жетекчилеринин бири Медербек Абдуллаевге телфон чалдык.
«АЗАТТЫК»: - Медербе мырза, Сиз менен жаман кабар болгондо байланышчу болдум, кечээ дагы бир кыргыз жигитти бул жерде өлтүрүп кетишиптир. Диаспоранын бул туурасында кабары бардыр деген ой менен телефон чалып атамын.
АБДУЛЛАЕВ: - Жок, ал тууралуу кабарым жок экен.
«АЗАТТЫК»: - Сиз бул жердин шартын жакшы билесиз, Кыргызстандан эмгек эткени келген жарандар көчөлөрдө эч нерседен капары жок басып жүрүшөт. Диаспорада ошолорго алдын ала кеңеш айтып, эскертип, абайлагыла деген киши барбы?
АБДУЛЛАЕВ: - Алар учуп келгенде же жолуккан жерде айтып атабыз. Абайлагыла. Бул жерде улутчулдук катуу деп. Бирок алар, жаңы келген жаштарыбыз ага маани бербей, кенебей атышат.
Азыркы тушта мекендештерибиз абдан көп келип атышат. Албетте, ал өлкөдө экономикалык абалдын чабалдыгынан болуп атат. Ошондуктан келгендер өзгөчө сак болушса. Улутчулдук күчөп турганын эске алып өз жанына бек болушса дейт элем, - дейт Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Медербек мырза.
Экинчи сурообузду Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин алдындагы консулу Данияр Сырдыбаевге багыштадык.
«АЗАТТЫК»: - Кайгылуу окуя боюнча маалыматар такталдыбы?
СЫРДЫБАЕВ: - Жок. Аны биз билүүнүн артынбадыз. Азырынча аны бышыктабаган маалымат келип атат, - деди консул. Ошол себептүү кайра да телефондошмок болдук.
ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда «Данилевский» (Данилевдик) милиция бөлүмүнүн иликтөө тобу кылмыш ишин козгогон. Улуттук касташуудан улам киши өлтүрүү божомолу шек саноонун бири болууда делинет агенттиктин маалыматында.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы