Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

БАТКЕНДЕ ЖУМУШУН ТАШТАП КЕТКЕН ДАРЫГЕРЛЕР КӨБӨЙҮҮДӨ


Учурда Баткен облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселеге айланды. Маселен, былтыр бул аймакта 25 дарыгер жумушун таштап кеткен болсо, 2006-жылдын алты айында эле дагы 27 дарыгер бактысын Баткенден башка жактан издеп кетишкен.

Учурда облус боюнча 151 дарыгердин орду бош турат жана жылдын акырына чейин бул цифранын жогорулашы күмөн эмес. Жергиликтүү дарыгерлердин санынын кемип баратканын Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башкы дарыгери Абдисамин Анарбаев айлык маянанын аздыгы жана жашоо шарттын төмөндүгүнөн деп түшүндүрдү.

- Жылдан жылга дарыгерлердин шарты оор болуп, айлык акысы төмөн болгондуктан биз көп дарыгерлерди кармап кала албай жатабыз. Былтыр 25 дарыгер кетсе, быйыл алты айдын ичинде 27 дарыгерибиз кетип калды. Алар Казакстанга, Орусияга жана чет мамлекеттерге кетип жатышат ,- дейт Анарбаев.

Баарынан кейиштүүсү дарыгерлердин жетишпей жаткан мезгилинде тажрыйбалуу мыкты адистердин чет өлкөлөргө жумушка кетип калышы болууда. Баш дарыгер абалдан чыгуу жолдорун издөө эч кандай жыйынтык бербей келгенин айтты:

- Кадрлар боюнча биз иштеп жатабыз. Медицина академиясынан, Словян институтунун жаңы бүткөн бүтүрүүчүлөрү менен чогуу иштедик. Бизге келебиз деген дарыгерлер көп болчу. Бирок алар келишкен жок. Себеп дегенде аларга биз шарт түзүп бере албадык. Бүгүнкү күнү биздин облуска 11 гана дарыгер келди. Алардын барын депозитке киргиздик. Бирок ага карабастан бүгүнкү күндө дарыгерлердин келгени аз болуп жатат,- дейт Абдисамин Анарбаев

Жаш дарыгерлердин бири тиш докдур Сагынбек Токтоматов Бишкектеги медициналык окуу жайынан бүткөн соң, эки жылдан бери Баткен шаарындагы ооруканада иштеп жатат.

- Чындыгында азыркы шартта дарыгер болуп иштеш кыйын. Айрыкча алыскы Баткен аймагында. Ошентсе да иштешибиз керек. Мага негизи акча табыш эмес, өзүмдүн туулуп өскөн жериме, элимдин саламаттыгын сактоого өзүмдүн салымымды кошоюн деп иштеп жатам,- дейт Сагынбек.

Аймактагы дарыгер таңсыктыгынын дагы бир себеби жаштардын арасында медицина тармагында билим алгандардын саны кескин азайганы жана окуусун бүтүргөн жаш дарыгерлер шаарларда калып калуусу себеп болууда, дейт Баткен облустук ооруканасынын медициналык маалымат борборунун башчысы Камал Кумарбеков:

- Жаштардын медицинага болгон кызыгуусунун азайышы акыркы мезгилде доктурлар менен мугалимдердин айлык маянасынын аздыгында. Азыркы жаштардын жашоо шарты биз жашаган мезгилге караганда башка мезгил болгондуктан алар медицина тармагына барышты каалабайт. Экинчиден, жаңы бүтүрүүчүлөр борборлордо калууда. Ошондой эле биздин Баткен облусунда элдин аздыгы болууда,- дейт Камал Кумарбеков.

Сабыр Абдумомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG