Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ТҮНДҮК КОРЕЯГА САНКЦИЯ КОЛДОНУУНУ ЖАКТЫРДЫ


Кечээ Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкция киригизүүнү колдоп добуш берди. Дүйшөмбү, 9-октябрда Пхеньян ядролук сынак өткөргөндүгүн жар салган эле. Кытай жана Россиянын колдоосуна ээ болуу үчүн АКШ алгачкы долбоордун текстин өзгөртүүгө аргасыз болду.

Документти кабыл алуу көшөгө артындагы дипломатиялык таймаш менен коштолду. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү акыркы мүнөттөрдө гана мунасага келе алышты. Резолюцияга ылайык, БУУга мүчө-мамлекеттер Түндүк Кореяга жөнөтүлгөн жана өлкөдөн келген жүктөрдү текшерүүгө укуктуу, Түндүк Кореяга ядролук изилдөөлөр үчүн колдоно турган аскерий техника, курал-жарак, жана башка жабдыктарды сатууга тыюу салынат.

Документ ошондой эле аскерий программага байланышкан түндүк кореялык компаниялардын эсептерин тоңдурууну талап кылат.

Британиянын БУУдагы элчиси Эмир Жоунс-Парри бул мунаса эларалык коомчулуктун ынтымагын чагылдырат деп белгиледи:

- Эларалык коомчулук Пхеньянга катуу эскертүү жасады. Бирок массалык кыргын салуучу куралды чыгарууга, ракеталык программага бөгөт коюуну көздөгөн резолюция ансыз да жапа чегип жүргөн Түндүк Корея калкына каршы багытталбаганына басым жасайт элем. Ал Пхеньян бийлигинин аракеттерин өзгөртүүнү максат кылат.

Түндүк Кореянын Улуттар уюмундагы элчиси Пак Гил Йон коопсуздук кеңешинин сессиясынын аякташын күтпөй эле, залдан чыгып кетти. Резолюция кабыл алынаары менен дипломат аны адилетсиз деп атап, АКШ анын өлкөсүнө кысым жасоодо деп айыптады:

- Бул документ Коопсуздук кеңеши объективдүүлүгүн жоготуп койгонун, өз ишинде кош стандарттуулукту колдонууну улантып жатканын далилдейт. Эгерде Кошмо Штаттары Корея демократиялык элдик республикага кысым көрсөтүүнү уланта берсе, биз аны согуш жарыялоого тете аракет катары баалап, ага каршы чараларыбызды уланта бермекчибиз.

Коопсуздук кеңешинини мүчөлөрү резолюцияны бир добуштан колдошкону менен, документти жүзөгө ашыруу оңой-олтоң болбойт көрүнөт.
Кытайдын Улуттар уюмундагы миссиясынын башчысы Ванг Гьянгуа Кытай Түндүк Кореяга жиберилген же ал жактан келген жүктөрдү текшерүүнү күчөтпөй турганын билдирди:

-Биз инспекцияларды жактабайбыз, алар негативдүү жыйынтыкка алып келээрин сезип турабыз. Текшерүүлөрдү ишке ашырууда абдан этият болуш керек, деди кытай дипломаты.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Болтон болсо Кытайдын тышкы мекемесинин юридикалык аналитигине шилтеме жасап, документке ылайык, Кытай ошондой текшерүүлөрдү өткөрүүгө милдеттүү деп билдирди.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG