Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

БЕГИШ ААМАТОВ: АЗЫРКЫ БИЙЛИК АКАЕВДИН КАТАЛАРЫН КАЙТАЛАБАШЫ КЕРЕК


Айрым байкоочулар президент Курманбек Бакиевдин учурдагы саясатын экс-президент Аскар Акаевдин акыркы мезгилде жүргүзгөн саясатына “эгиздей окшош” деп баа беришүүдө. Анын мисалы катары, Конституцияны реформалоонун кечиктирилиши, кадр саясаты, коррупциянын өсүшү, айткан убадаларын аткарбоо сыяктуу маселелерди айтышууда. Ал эми айрым саясатчылар март окуясынан кийин коомдо бир кыйла өзгөрүүлөр болгондугун белгилешүүдө.

Коомчулукта соңку мезгилде президент Курманбек Бакиевдин учурдагы жүргүзгөн саясатынын экс-президент Аскар Акаевдин доору аяктап бараткандагы саясатка окшоштугу айтыла баштады. «Экс-президенттин негизги каталарынын бири бийликти бир адамдын кызыкчылыгына түзүү максатында Конституцияга кайра-кайра өзгөртүү киргизип, референдум аркылуу кабыл алынган азыркы баш мыйзам болуучу. Мына ушул Конституцияны реформалоого Бакиевдин чечкиндүү кадам жасабаганынын себеби бар», дейт экс-депутат Бегиш Ааматов.

-Мына Курманбек Бакиев бийликке келгенден бери Аскар Акаевден калган «узурпация» болгон Конституция менен отурат. Акаев ушул баш мыйзам менен өз билгенин кылып аткан. Анан ал Конституция Акаевге кандай жагып калса, аны Бакиев дагы жактырып атса, экөөнүн жолу бир эле болуп атпайбы.

Айрым эксперттердин баамында, эгерде Бакиев 24-марттан кийин чукул саясий өзгөртүүлөргө кадам жасап, жаңы Баш мыйзамды кабыл алып, мурдагы системанын «тамырына балта чапканда», азыркыдай эл ишениминен кетпейт эле. Ал эми профессор Кусейин Исаев мындай пикирлерге макул эмес.

-Курманбек Бакиевдин саясаты Аскар Акаевдин саясатын туурап атат дегенге мен макул эмесмин. Көп эле жаңылыктар болуп жатат. Ал эми көз ачып жумганча экономикалык жактан да, саясат жактан да өзгөртүп жиберүү, ошонун ичинен Конституцияны кайрадан жаңыртып жиберүү мүмкүн эмес эле.

Кусейин Исаев оппозициячыл саясатчылардын президент Бакиевге карата коюп жаткан дооматтарында негиз жок деген көз карашта.

Оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, айрым саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү Курманбек Бакиев март окуясынан кийин өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөрдү жасайт деп ишенишкенин, тилекке каршы ушул күнгө чейин мурдагы бийликтин «салган чыйырынан» чыга албай келатканын айтышууда. Алар Бакиевдин эл алдында берген убадаларын аткарбаганын экс-президент Аскар Акавдин убадалары менен салыштырышууда. Бакиевдин элдин мүдөөсүнө маани бербегендигинен апрель, май айындагы жана Аксыдагы элдик курултайдагы талаптар келип чыкканын белгилешүүдө.

12-октябрда Бишкекте өткөн жалпы улуттук форумдан кийин, президент Курманбек Бакиев жакында жарандык коомдордун, саясий партиялардын өкүлдөрү менен «ийри отуруп түз кеңешүүгө» демилге көтөрүп чыкты. Бирок анын мындай демилгеси «Аскар Акавдин айласы кетип оппозициячыл саясатчылар менен жолугушуу өткөрүп «тил эмизгенинен» айырмасы жок»,-дейт Бегиш Ааматов.

-Бакиев 24-марттан кийин эле саясий чечим кабыл алып, Конституцияны өзгөртүүгө барыш керек эле. Коррупциялашкан системаны талкалашы керек эле. Тескерисинче ал Акаев сыяктуу ар нерсени айтып, убудаларды берип ушул бийликти кармап отуругусу бар. Азыр эл ойгонгон. Эл козголгондо Акаевдин берген убадалары кайда калды? Өзү качып зорго кутулду. Азыркы бийлик анын каталарын кайталабашы керек.

Ал эми «Асаба» партиясынын тең төрагасы Азимбек Бекназаров форумда кабыл алынган резолюциядагы талаптар аткарылмайынча, Бакиев системаны өзгөртүүгө чечкиндүү кадам жасабаса, 2-ноябрдагы мөөнөтсүз митингде катуу талаптар коюларын айтты.

-Биз 2-ноябрда бир гана ураан менен чыгабыз. Биринчиси Конституциялык реформа, экинчиси бийлик. Биз эми өткөндөгүдөй катачылык кетирбейбиз.

Аманбек Жапаров,Бишкек

XS
SM
MD
LG