Ишемби күнү киши колдуу болуп өлгөн жигиттин аты жөнү Бусурманкулов Нурлан болуп чыкты. 1983-жылы туулгандыгы такталды. Маскөөдөгү ЗИЛ машинесин чыгаруучу сооттун «Аврора» аталыштагы паркында көчө шыпыруучу болуп иштеген кыргыз киши эртең менен балам өлдү деп милицияга кайрылган.
ИНТЕРФАКС жазганга караганда Нурландын атасы эси ооп жаткан баласын №649-мектептин короосунан тапкан. Ал ошол бойдон эсине келе албай жатып жан берген.
Окуяны толугураак билүү максатта Маскөөдөгү диаспораларга телефон чалдык. Алардын биринин жетекчилеринин бири Медербек Абдуллаев менен сүйлөштүк.
«АЗАТТЫК»: - Мырза, Сиз менен жаман кабар болгондо байланышчу болдум, дагы бир кыргыз жигитти бул жерде өлтүрүп кетишиптир. Диаспоранын бул туурасында кабары бардыр деген ой менен телефон чалып атамын.
АБДУЛЛАЕВ: - Жок, ал тууралуу кабарым жок экен.
«АЗАТТЫК»: - Мырза, Сиз бул жердин шартын жакшы билесиз, Кыргызстандан эмгек эткени келген жарандар көчөлөрдө эч нерседен капары жок басып жүрүшөт. Диаспорада ошолорго алдын ала кеңеш айтып, эскертип, абайлагыла деген киши барбы?
АБДУЛЛАЕВ: - Алар учуп келгенде же жолуккан жерде айтып атабыз. Абайлагыла. Бул жерде улутчулдук катуу деп. Бирок алар, жаңы келген жаштарыбыз ага маани бербей, кенебей атышат.
-Азыркы тушта мекендештерибиз абдан көп келип атышат. Албетте, ал өлкөдө экономикалык абалдын чабалдыгынан болуп атат. Ошондуктан келгендер өзгөчө сак болушса. Улутчулдук (Орусиядагы – ММ) күчөп турганын эске алып өз жанына бек болушса дейт элем, - дейт Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири.
Кыргызстандын Орусиядагы элчисинен атын атагысы келбеген кызматчы айтканга караганда, Нурланды өлтүрүү үй-бүлөдө чыккан чатактан улам болгон: «Жо-жо-жок! Алар орустар эмес экен, алар кыргыздар экен!» - деди. Ошол себептүү Маскөөлүк башкы милиция башкармасы кине кою ниетте Нурландын туугандарын кармады деди.
«Грани» сайты «Данилевдик» милиция бөлүмүнүн бул кылмышты иликтөөчү адиси айткан пикирге шилтеме берип, «бул жолку киши өлтүрүү улуттук касташуудан болгондой» - деп жазат.
Эмнеси болсо да Маскөөдө бир айга жетпеген убактын ичинде эки кыргыз жигит киши колдуу болуп өлүштү. 3-октябрде Балаклав проспектисинде балдар бакчасынын короосунан бычак жеп өлгөн Азамат Анарбаев туурасында «Азаттык» айтты эле.
Эми Нурлан Бусурманкулов кайгылуу кабарын угузуп олтурабыз. Ал 14-октябрде кимдир бирөөнүн колунан ажал тапты. Экөө тең Маскөөдө каттодон өтүп мыйзам арибин бузбай жашап аткан эле дешет.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы