Айрым жазма булак маалыматтарына караганда, 1703-жылдын октябрь айынын бу күндөрү энесайлык кыргыздар жунгарлар тарабынан мекенинен күчтөп көчүрүлгөн. Орус архивдик материалдарында кыргыздар жашаган аймакка 2500 чамалуу калмактар келишип, аларды зордук менен адегенде Жунгарияга жер которткон. Кыргыздардын Энесайдан массалык жер которуу азыркы хакас калкынын фольклорунда сакталып калган. Алар кыргыздар кеткен капчыгайды бүгүнкү күнгө чейин “кыргыз кеткен жол” дешет. Ал эми жунгарлардын кыргыздарды Жунгарияга көчүрүш маселеси болсо, алар мындай жол менен кыргыздардын аскердик күчүн өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, аларды көзөмөлдө кармоону көздөгөн.
1912-жылдын октябрь айында өткөн Шабдан баатырдын ашында кайрымдуулук максат үчүн акча каражат топтолгон. Атчабыштан чогулган акчанын бир жарымы Токмок участкалык китепканасына бөлүнүп, ал 970 рубль деп аныкталган. Кайрымдуулук каражат Токмок участкалык приставынын штаб-капитаны Кутуковго тапшырылып, ал акчаны китепканага берүү милдетин алган. 1912-жылдын 16-октябрында штаб-капитан кайрымдуулук каражаттын 500 рублин гана китепканага өткөргөн. Натыйжасында, кызмат ордун кыянат пайдаланган чиновниктин иши териштириле баштаган.
1916-жылдын 16-октябрында Түркстан крайынын генерал-губернатору А.Н. Куропаткин жыйын өткөрүп, анда кыргыздарды ээлеген жеринен көчүрүү маселеси талкууланган. Жыйын күн тартибине Ысыккөл районундагы жана Пржевальск уездинде, Кемин өрөөнүндө, Жаркен уездинде жашаган кыргыздарды Нарынга көчүрүп, ал жакка өзүнчө уезд уюштуруу маселеси коюлган. Генерал-губернатор кыргыздар тарабынан орустардын каны төгүлгөн жерлерди Түркстан крайынын картасына белгилеп, козголоңчулардын жерин алуу керектигин билдирген. Пишпек, Пржевальск жана Жаркен уездинен жалпы жонунан 37330 кыргыз адамдарынын 2520361 теше жери алынып, ал аймакка орус дыйкандарын жайгаштыруу жагдайы каралган.
Бул күнү, Бириккен Улуттар Уюмунун чечимине ылайык Бүткүл ааламдык тамак-аш күнү белгиленип, 1815-жылы император Наполеон Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалып, 1758-жылы америкалык филолог, жаңы англис тил сөздүгүнүн автору Ноа Уэбстер, 1854-жылы немец социал-демократы Карл Каутский, 1854-жылы ирланд жазуучусу Оскар Уайлд, 1863-жылы айтылуу саясатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Остин Чемберлен жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков