Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башкы кеңешчиси Дэвид Оуэн бүгүн ушинтип билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продуктысынын 80% түзөт. Ал көрсөткүч 20-30 пайызга түшкөндө өкмөттүн реформаларды кеңири жүргүзүүсүнө, жаңы насыяларды алуусуна жол ачылат. ХИПИК программасы мына ушул маселени чечүүгө багытталган. (AiT)