Ош шаардык милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Айбек Алимжанов кечинде өзүнүн достору менен «Ала-Тоо» кафесинде тамактанып олтурган учурда белгисиз бирөө терезеден үнү чыкпаган курал менен каракуш мээге атып кеткен. Алынган жарааттан Алимжанов окуя болгон жерде жан берген. Ош шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Айбек Алимжанов пахта экспорттоо боюнча ири ишкердик менен да алектенгендиктен негизги божомол анын аласа-бересесине байланыштуу болушу мүмкүн экендигин белгиледи.
- Ал Алатоо кафесинин кожоюну Сабиржан Салижан, өзүнүн жакшы тааныштары Нематов Ахлажан, Хасанов Якубжан, Каимов Искандар менен отурган. Алимжанов Айбек чоң бизнес кылган жигиттердин бири эле. Биринчи версиябыз, коммерциялык ишине аралашкан деп ойлоп атабыз. Экинчиси Алимжанов Айбекке карыз болгон адамдар да көп экен, - деди Сүйүн Өмүрзаков.
Окуя болгон «Ала-Тоо» кафеси
Мындан сырткары ички иштер органдарынын из кубарлары кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү ири өлчөмдө салык салышып, аны өндүрө алышпагандыктан ушундай ишке барышкан деген маалыматты да текшерип жатышкандыгын белгилешти. Айбек Алимжановду акыркы сапарга узатуу ырасмисине келген Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев буйуртма менен адам өлтүрүүгө дити барган канкорлор жакын арада табылышына ишенимин билдирди
- Айбекти аткандар эч кандай жакшылык көрбөйт. Кан кууйт. Бул жөнөкөй бала эмес эле. Биз Айбек менен коштошуп кала бербестен, президентибиз Курманбек Салиевич эртең менен саат 8де телефон чалып айтты, кылмышкерлер сөзсүз табылыш керек деп, - дейт Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев.
Айбек Алимжановдун бир тууган иниси Дурбек агасынын буга чейин жеке душмандары деле болбогондугун белгилөө менен мындай окуядан кийин чындыгында ири ишкерлердин иш жүргүзүүсү үчүн да кыйын болуп калгандыгын айтып өттү:
- Агамдын душмандары жок эле. Ал дайыма баардыгы менен жакшы болууга аракет кылчу. Өзүнүн ишине зыян болгон учурда да конфликке барчу эмес. Ушундай адамды жок кылгандан кийин өлкөдө кыйын эле болуп калгандыгын билсек болот. Этият болуңуздар, - деди Айбек Алимжановдун иниси Дурбек.
Учурда буйуртма адам өлтүрүү деген берененин негизинде кылмыш иши козголуп, ички иштер, прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын биргелигинде иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.