Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

ОППОЗИЦИЯНЫН ИШМЕРДИГИНЕ УКУКТУК КЕПИЛДИК ТҮЗҮЛӨТ


Жогорку Кеңеш сессиясы бүгүнкү отурумунда депутат Каныбек Иманалиев сунуштаган оппозициянын ишмердигине укуктук кепилдиктерди түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады. Регламентке ылайык долбоор бейшемби күнү добушка коюлат. Ушуга эле үндөш долбоорду парламентке Кыргыз өкмөтү жакынкы күндөрү сунуштаганы турат. Бирок, аталган эки долбоор тең оппозициянын кескин сынына тушугууда.

Учурда коомчулук оппозиция жөнүндөгү эки мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Алардын бирин депутат Каныбек Иманалиев, экинчисин өкмөт иштеп чыккан. Эки тарап бирдей оппозициянын ишмердүүлүгүн кепилдеген мындай мыйзам керек деп, аны өз аргументтери менен негиздеп жатышат. Долбоорун парламентке өкмөттөн озунуп алып чыккан депутат Каныбек Иманалиев аталган мыйзам оппозициянын ишмердүүлүгүн иретке келтирип, формуласын түзүп берет, башка бир да мыйзамга каршы келбейт, эркин ой жүгүртүүлөрдү чектебейт деп ынандыруу аракетин жасады.

Өкмөттүк долбоорду иштеп чыккан жумушчу топтун башчысы, юстиция министрлигинин статс-катчысы Эркиин Мамыров, тескерисинче, депутат Иманалиевдин долбоорунда мыйзамга каршы келген өңүттөр бар деп эсептейт:

- Өкмөт иштеп чыккан долбоордо эки субьект бар: парламенттик оппозиция, парламенттен тышкаркы оппозиция. Парламенттик оппозиция – бул депутаттар. Парламенттин ичинде парламенттик фракция, бирикмелер оппозицияга өтүшүнүн шарты көрсөтүлгөн. Парламенттен тышкаркы оппозицияда партиянын ишмердүүлүгү тууралуу айтылат. Депутат Иманалиевдин долбоорунда коомдук секторлор кошо көрсөтүлүп калган. Мыйзамга, Конституцияга кайрылсак, коомдук сектор саясий иш жүргүзүүгө акысы жок.

Анткен менен тараптардын оппозициянын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу демилгесин коомчулук ар башка кабылдоодо. Ириде аталган долбоорлорго оппозициячыл саясатчылар каршы чыгып жатышат. Депутат Өмүрбек Текебаев бир мыйзам менен оппозициянын ишмердүүлүгүн кепилдөө мүмкүн эмес десе, депутат Темир Сариев президент башкарып турган азыркы шартта мыйзам бийликке курал болуу кызматын көбүрөөк аркалайт дейт. Парламенттик талкуу учурунда депутат Азимбек Бекназаров оппозиция мындай мыйзамга дегеле муктаж эмес деп билдирди:

- Мен бул мыйзамга каршымын жана кесиптештеримди да үндөйм, мындай коомду экиге бөлө турган мыйзам кабыл алууга биз барбашыбыз керек. Конституция бирөө, биз мыйзам алдында бирдейбиз. Эгер жанагинтип оппозициялык башка көз караш айткандарга бөгөт кое турган болсо, аны кылмыш жообуна тартып, жоопкерчиликке тартуу керек.

Каныбек Иманалиев сунуштаган «Оппозициялык ишмердүүлүктүн укуктук кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзам долбооруна парламент өз баасын бейшемби күнү берет. Эркин Мамыровдун айтымында, жумушчу топ иштеп чыккан экинчи долбоорду өкмөт жакынкы күндөрү президентке сунуштаганы жатат. Өз кезегинде президент аны парламентке сунуштаары күтүлүүдө. Ошондуктан, айрым депутаттар президенттин сунушун күтө турууну сессияга сунуштап, колдоо таба алышкан жок. Авторлор да биргелешип иштөө тууралуу сөз козгошо элек. Бул аралыкта айрым байкоочулар оппозициячыл күчтөр эки долбоорду тең өткөрбөөгө аракет кыларын айтып жатышат. Бийлик болсо, алардын баамында, оппозициянын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга караганда, ал аркылуу эл аралык коомчулукта өзүнө упай топтоого ынтызарланып жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG