Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

АЛИМЖАНОВДУН ӨЛҮМҮ ЭЛДИН ТЫНЧЫН АЛУУДА


Оштогу өзбек маданий борборунун жетекчиси Айбек Алимжановдун белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлүшү жана кылмышкердин дайынсыз болуп жатышы коомчулукту кыйла тынчсыздандырууда. Кылмыш тезинен аныкталбаса улут аралык мамилеге залакасы тийиши мүмкүн деген пикирлер да жок эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармасынын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыковдун айтуусунда, бул оор кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана табуу боюнча оперативдүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ош шаардык күч структураларынан турган ведомстволор аралык тергөө тобу уюштурулган. Кылмыштын аткарылышы боюнча бир нече божомолдор бар. Алимжанов жетектеп келген “Ак кайың” акционердик коому алкоголь ичимдиктерин чыгарат. Негизги божомол анын кесиптик коммерциялык ишкердигине байланыштуу болууда. Ал эми улуттук маселе боюнча эч кандай сөз жүрүшү мүмкүн эмес.

Айбек Алимжанов Ош шаардык кеңешинин депутаты болчу. Анын бул кеңештеги кесиптеши Орозбек Акимбаев Айбек Алимжановдун өлүмүн анын ишкердиги жана бетке чабаар мүнөзү менен байланыштырса, маркумдун тууганы Шарабидин Жалалов бул мыкаачылык өлүмгө “биздин туугандар тарабынан шектелген кишилер жок", деп алакан жаят.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу орозо күндөрү ооз ачаарда адамды бирөөнүн буюртмасы менен өлтүрүү бир эле адамгерчиликке эмес, мусулманчылыкка да караманча каршы келерин белгиледи:

- Өтө эле ырайымсыз кадамга барышыптыр. Бул адамдар, биринчиден, тозокко түшөт, экинчиден, укук коргоо органдары абзел түрүндө кылмыштын бетин ачыш керек. Башынан мындай иштерди ашкерелебесе, Бишкектеги мындай окуялардан көрүп келе жатабыз, адам өлтүрүүнүн артынан адам өлтүрүүлөр пайда болуп кетиши мүмкүн экен.

Айбек Алимжановду атып өлтүргөн кылмышкерди аныктоо, табуу иштери кечеңдесе улут аралык мамилелерге байланышкан ушак сөздөр да чыгып кетиши ажеп эместигин Жогорку Кеңеш депутаты Мухамеджан Мамасаидов катуу эскертти.

Айбек Алимжановдун сөөгү дүйшөмбү күнү жерге коюлду.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG