Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

МАЙЫПТАР КАМКОРДУККА МУКТАЖ


Римде акыл-эси тубаса кем төрөлгөн жаштар арасында Европалык атайын оюндарга катышкан кыргызстандыктар 2 күмүш, 2 коло байге утуп келишти.

Римдеги атайын оюндарга 55 өлкөнүн 8 жаштан жогору акыл-эси тубаса кем төрөлгөн жаштар катышты. Каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан эки бала, эки кыз жеңил атлетикалык жарыштарда мөөрөй талашты.

Жол жүрүп кыйналгандыктанбы же климат алмашканынбы айтор 16 жаштагы Самарбек уулу Медербек сыркоoлоп калып, ийгилик жарата алган жок.

Он төрт жаштагы Чолпонбек кызы Асел узундукка секирүүдө экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Ордунан туруп узундукка секирүүдө бишкектик Михаил Пономарев үчүнчү орунду камсыз кылды.

Ал эми он үч жашар Жайчыбек кызы Айчүрөк ордунан туруп узундукка секирүүдө күмүш байгелүү болсо, 50 метрлик кыздар жарышында марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Атайын оюндарда мөрөй алып келген Чолпонбек кызы Асел Москва, Рим шаарларын көрүп, жакшы таасир алып, жаңы достор күтүп келгенин айтып берди.

Өлкөнүн “атайын олимпк” уюмунун жетекчиси Канат Мамбеталиевдин айтымында эмдиги жылы октябрь айында Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган дүйнөлүк атайын оюндарга Кыргызстан үчүн 31 адамга орун берилди.

Кыргызстанда мындай акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдардын ден соолугуна көңүл бурулганы менен аларды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келген. Мындай жаштар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эссе. Балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт. Атайын олимпк спорт мектеби уюштурулса, анын бөлүмдөрү аймактарда түзүлсө, 100 миңге жакын балдардын катарынан шыктуулары спорттун түрлөрү менен машыгуусуна өбөлгө болмок. Мындай балдар өкмөттүк деңгээлде камкордукка муктаж экенин Канат Мамбеталиев кошумчалады.

-Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган балдар бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Мурдакы атайын оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, эмдиги жылы Шанхай атайын оюндарына 31 спортчуну жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдардын жана майыптардын атайын спорт мектебин уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн менен каражат маселеси чечилбей турганын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып, өлкөнүн аймактарында мындай балдарга көңүл бурулбай жатканын өкүнүү менен белгиледи.

Акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн атайын спортчуларды колдоого жумшаса, алар спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле.

Соопчулук, демөөрчүлүк жагын өлкөгө белгилүү ишкерлер да колго алып, коомчулук да мындай балдарга көңүл бурса дешет «атайын олимпк» уюмунун адистери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG