Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

«…ОЙЛОНБОЙ ЖАЗГАН ТОКТОМ КӨП…»


«Агым» гезити «Кайсы Бакиевге ишенебиз?» аттуу макала жарыялады. Макалада Кыргыз республика Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы жана 2002-жылдын 2-майындагы Токтомдорунун көчүрмөсү басылган. Анда «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларга ысык тамак уюштуруу жөнүндө» долбооруна тиркелген кортундуга агездеги өлкөнүн премьер-министри болуп иштеп жаткан К.Бакиев «макулдук берилбесин» деп колун койгон. Ушундан улам, беш жыл мурда өзүнүн колу, расмий токтомун токуп, эки жолу каршы чечим чыгарган К.Бакиевге ишенебизби же анысын унутуп калгансып, бүгүн башкача обон созгон К.Бакиевге ишенебизби?-деп жазат «Агым».

Ал эми «Бул ким экен, ыя?» рубрикасынан жарык көргөн макалада ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Осмоналы Гуронов тууралуу эки башка көз караш айтылат, биринчисинде-анын билимдүүлүгүн, өтө чебер кесипкөйлүгүн, оңой менен оң-солго чарпыла бербестигин, өткөндө «милийса элге каршы ок атпайт» деп чечкиндүү сүйлөгөнүн жазып келип, бирок министрдин милдетин аткаруучу баары бир эле президенттин «матрешка үкасы» Жаныш Бакиевдин жакын досу болорун, бүгүн өлкөдө тигил же бул иштер мыйзамга ылайык эмес, дал ушул Жаныш мырзанын күч органдарын каалагандай калчоосу менен чечилип келетканын, демек и.о. министр честь бергенден башкага жарабастыгын, эгер бийлик менен оппозиция 2-ноябрда катуу тиреше кетсе милийса элге каршы ок атпайт деп эч ким кепилдик бере албастыгын, Гуронов мырза айласыздан ажонун буйругун аткарарын жазат.

Гезит ошондой эле «Реформа үчүн» кыймылынын жетекчилери эртең 18-октябрда Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчилер жана эларалык уюмдардын башчылары менен жолугарын, ал эми бүгүн саат экиде кыймылдын штаб мүчөлөрү Кыргызстандын бардык аймактарынан келген өкүлдөрү менен баарлашарын баяндайт «Агым»..

«МСН» гезити эртең 18инен 20-октябрга чейин Күнкорсуз мамлекеттер кызматташтыгына мүчө өлкөлөрдүн чегара аскербашчыларынын 56-Кеңешмеси Бишкекте өтөрүн жар салды. Карала турган башкы маселе- террорчулукка, мыйзамсыз миграцияга, баңгизаттар жана курал-жарактар менен аткезчилик кылууга каршы жүргүзүлүп келаткан иш-чаралардын натыйжасын талкууга алуу.

«Кыргыз туусу» гезитине жарыялаган «Депутаттарга кеңеш» аттуу макаласында президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев эл өкүлдөрүнүн көңүлүн саясаттын күнүмдүк кумарынан башка жакка, кыргыз эли үчүн жасай турган түбөлүктүү иштерге бургусу келген.

«Эркин тоо» гезити, №39 Куршаб шайлоо округунан депутат болуп катталып, бир аз иштей калып, анан Боршайкомдун чечими менен депутаттык мандатынан кол жууп кала берген Мамат Орозбаевдин өлкө президенти К.Бакиевге жолдогон бир бет кайрылуусун басты.

"Кыргыз руху" гезити, бүгүн дүйнөнүн кайсыл өлкөсүндө революция болсо, ошол жерден Борис Березовскийдин кулагы көрүнөрүн, ал кудай аткырдын ысмы жалаң жакшылык жыттанбай, кашайып карарган түрмө, соолгон согуш, курал-жарак, баңгизат, терракт, алтын, акча өңдүү кыйраткыч күч жыттанып турарын, тилекке каршы мына ошол Б. Березовский биздин президент К.Бакиевдин карачечекей уулу Максим Бакиев менен мамилелеш экенин, эми анын издөөгө алынып, табылбай келеткан карааны ааламдын жартысындай болгон Орус-уядан эмес, алакандай болгон Кыргыз-уядан «чыгып» атканын, д.у.с. анын толгон-токой жоруктарын үзбөй жазып турарын окурмандарына убада кылды.
Баяндаган ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG