Америка өкүлү жолугушууда Кондолиза Райстын катын тапшырды. Анда Райс кыргыз-америка мамилесин жогору баалап, мындан тыгызыраак кызматташууга үмүт артканын билдирген. Жекшенкулов менен Файгенбаумдун жолугушуусунда америкалык инвестицияны Кыргызстанга тартуу, соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү жана Кыргызстандын «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» аттуу программага кирүү маселеси талкууланган. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. (AiT)