Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ПОЛИТКОВСКАЯНЫН УРМАТЫНА ДҮЙНӨДӨ КӨПТӨГӨН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда орус атактуу журналисти Анна Политковскаянын өлтүрүлгөнүнүн тогуз күндүгү белгиленди, анткен менен өлкөнүн расми жетекчилиги ага дээрлик көңүл бурган жок. Батыш уюмдары болсо Политковскаяга улам жаңы сыйлык берип, аны өлтүргөндөрдү бийлик таап-жазалаш керек деп билдирүүдө.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу 16-октябрда "Би-би-си" сыналгысына интервью берип, жакында президент Путин менен жолукканда маселени көтөрүп, Политковскаяны өлтүргөндөр сөзсүз табылыш керек деген талап кое турганын билдирди.

Бирок Путин өзү Политковская жөнүндө - ал өлтүрүлгөндөн эки күн өткөндөн кийин, АКШ президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө гана биринчи жолу сүйлөгөн.

Анын эртеси Алманияга сапар менен барганда болсо Путин Политковскаяны - Орусиянын саясатына эч таасир тийгизе албаган журналист болчу деп мүнөздөгөн: "Бул журналист чындап эле орус бийлигин катуу сынга алып келген. Бирок, менин оюмча, журналисттер билүүгө тийиш - эксперттер баары бир аны абдан жакшы түшүнөт - анын Орусиянын саясатына тийгизген таасири эң төмөн деңгээлде болгон. Журналисттер менен укук коргочулар арасында жана Батышта аны чындап эле билишчү. Бирок мен дагы бир жолу кайталайм - Орусиянын саясий турмушуна анын таасири минималдуу болгон", - деди Путин Дрезден шаарында 10-октябрда Политковскаяны атынан атабай, "бул журналист" деп.

16-октябрда Политковскаянын урматына арналган жыйын "Азаттыктын" Прага шаарындагы баш кеңсесинде да өттү жана ага катышкан Чехиянын мурдагы ички иштер министри Ян Румл орус президентинин мамилесин сынга алды: "Ар бир адамдын өмүрүн, анын өзгөчөлүгүн урматтабаган президент демократиялык деп эсептелген өлкөнүн өкүлү боло албайт. Андай өлкө кийин дүйнөнүн башка мамлекеттерине коркунуч түзө баштайт", - деди Чехиянын мурдагы министри.

Ошол эле 16-октябрда Нью-Йорк шаарында да Политковскаянын урматына арналган жыйын өткөрүлдү жана журналистке дагы бир эл аралык сыйлык ыйгарылды. Чогулгандар алдында Чеченстанды коргоо кыймылынын өкүлү Алмут Рочовански чыгып сүйлөп, Политковскаянын журналисттик эмгегин жогору баалады: "Анын иши орус журналистикасынан айырмаланчу, ал жалаң фактылардын негизинде жазчу анын макалаларынын мүнөзү батыш журналистикасына жакын болчу. Башкалар жазганда бир ойдон башкага өтүп, сөз болуп жаткан адамдардын аттарын кээде атабай кетет, ал болсо фактыларды жана окуянын маңызын айтчу, ошондуктан батыш окуучуларына ал жакчу. АКШдагы жаштардын чечен маселесине кызыккканы дагы Политковскаянын китептеринен улам пайда болгон", - деди америкалык эксперт.

Жыйында "Хюман райтс вотч" уюмунун аткаруучу деректири Рейчел Денбер дагы чыгып сүйлөп, чечен эли арасында Политковская канчалык кадыр-баркка ээ болгону жөнүндө айтты: "Ал атактуу артист сыяктуу болчу, аны баары таанычу, ар бир адам ага өз маселелерин айтып берүүгө шашчу. Карапайым эл анын бутуна жыгылчу, анткени Политковская алардын маселелерине кызыгып, айткандарынын баарын укчу жана эч кимдин айтканына кол шилтеп салчу эмес. Алар үчүн Политковская атактуу артисттей кабыр-баркка ээ болчу", - деди Рейчел Денбер.

Политковская 1958-жылы АКШда украиналык дипломаттын үй-бүлөсүндө туулган жана 7-октябрда Маскөөдө өзү үйүнүн алдында атып өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG