Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

МАРКУМ АЛИМЖАНОВДУН ТУУГАНДАРЫ КЫЛМЫШТЫН БЕТИН АЧУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош 15-октябрь күнү атылып өлтүрүлгөн шаардык кеңештин депутаты Айбек Алимжановдун тууган-урук жакындары Оштогу Бабур атындагы өзбек театрында чогулушуп, аталган кылмыш ишинин тез арада ачылышын талап кылышты. Бул тууралуу кайрылууну алар мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин атына жөнөтүштү.

Айбек Алимжановдун жакындары анын белгисиз бир адамдар тарабынан атып өлтүрүлүшүн жакынкы убакыттан бери уланып келе жаткан терс көрүнүш катары баалашты. Кийинки эки жыл аралыгында ондогон буйуртма адам өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай келе жатышын чыгып сүйлөгөндөр жазасыз калуу адаттынын айынан болуп жатат деп тартип коргоо органдарын айыпташты.

- Кылмышкерлер ушул күнгө чейин табылбаганы албетте бизди кейитет. Жогорку Кеңеште, бүт элчиликте, бүт коомчулукта ушул нерсе жакшы кабыл алынбай атат. Кылмышкерлер табылышы керек. Ушул ишти урматтуу президент Курманбек Салиевич өзү колго алып, Ички иштер министрлиги колго алып, издеп таап, элдин алдына алып чыгыш керек, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Махамаджан Мамасаидов.

Ал эми экинчи бир эл өкүлү Инамжан Абдырасулов болсо буйуртма менен адам өлтүрүүлөрдүн санынын көбөйүшүн жана алардын бети ачылбай келе жатышын бийликтин алсыздыгы менен байланыштырды. Ал өз сөзүндө айрыкча улуттук азчылыктын өкүлү болгон Айбек Алимжановдун өлүмүнүн себептери тез арада аныкталыш керек деген ойун ортого салды:

- Мындай иштер бийликтин жакшы иштебегендигинен болуп жатат. Элдер коркуп жашайт. Өзбек улутунун эли бүгүнкү бийликтин саясатын колдоп атат. Кылмышкерлерди кармап берсин.

Ошол эле учурда жалпы энелердин атынан сөз сүйлөгөн Ош шаарынын тургуну Иноятхан Хожаева болсо президент Курманбек Бакиев буйуртма менен адам өлтүрткөн күчтөрдү таптырып берүүсүн талап кыла тургандыгын белгиледи:

- Мен шаардагы өзбек дебей, кыргыз дебей энелердин атынан суранам, президент биздин ак ниет уулду атып кеткен канкорлорду таптырып берсин. Энелик жүрөгүбүз мындай нерселердин мындан ары да улана беришин
каалабайт. Бийлик буйуртма менен адам өлтүрүүлөрдүн аягына чекит койсун,
- дейт Ош шаарынын тургуну Иноятхан Хожаева.

Жыйындын аягында кайрылуу кабыл алынып, анда шаардык Кеңештин депутаты Айбек Алимжановду атып кеткен окуяны кылдат иликтеп тез арада күнөөлүлөрдүн бетин ачуу маселеси көтөрүлдү. Кайрылууга бардыгы болуп эки жүздөн ашуун адам кол койуп, мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин атына жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG