Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

ГРУЗИЯГА КАРШЫ КӨРҮЛҮП ЖАТКАН ОРУС АРАКЕТТЕРИН ЕВРОПА БИРИМДИГИ СЫНГА АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигине кирген 25 мамлекеттин тышкы иштер министрлери 17-октябрда Люксембургда жыйын өткөрүп, башка маселелер арасында Орусия менен Грузия ортосунда акыркы күндөрдө курчуп бараткан абалды да талкуулады. Айрым саясатчылардын каршылыгына карабай, Орусия тараптан Грузияга каршы көрүлүп жаткан аракеттер катуу сынга алынды.

Министрлердин жыйыны даярдалып жатканда Биримдикке кирген түндүк европалык, Балтик жээгиндеги жана көпчүлүк борбордук европалык жумурияттардын өкүлдөрү катуу чечим кабыл алуу боюнча 13-октябрда макулдашкан. 17-октябрда эки күндүк жыйын Маскөө менен Тбилиси ортосундагы чатакка кайрылаар алдында Биримдиктин тышкы байланыштары үчүн жооптуу комиссар Бенита Ферреро-Валднер дагы ал жөнүндө айткан:

"Грузия менен Орусия ортосундагы мамиле оңолбой жатканы тууралуу жана Орусияда жашаган грузиндерге каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө биз өтө тынчсыздануудабыз. Өзгөчө Орусиянын мектептеринде окуган балдардын абалы начар, грузиялыктардын ээлигиндеги ишканаларга каршы көрүлүп жаткан аракеттер жана башка экономикалык санкциялар - унаа байланыштарынын токтотулушу, импортко тыюу салынганы, чек аралардын жабылышы өтө терең тынчсыздануу жаратат", - деди Ферреро-Валднер.

Анткен менен Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн жыйын алдында анын катышуучуларына кайрылып, тең салмактуу чечим кабыл алынууга тийиш жана чатакка катышкан бир гана тарапты сынга алган туура болбой калат деп билдирди. Биримдиктин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери үчүн жоптуу Хавьер Солананын айтымында болсо, негизги маселе - Маскөө менен Тбилисини экөөнү тең сабырдуулукка чакырып, абалды ырбатпастан, эки тарапка тең жардам берүү.

Ошол эле 17-октябрда Франциянын "Ле монд" гезитинде Грузия президенти Михаил Саакашвилинин интервьюсу жарыяланды. Кабарчы Мари Жего - эмне үчүн тыңчылар чатагы мынчалык деңгээлге чыгарылды, чындап эле тыңчылар кармалган болсо, аларды Грузиядан акырын чыгарып жиберсе болбойт беле деп сураганда, Саакашвили - мурда да көптөгөн тыңчылар жана провокаторлор табылган, биз аларды кармап, өлкөдөн чыгарып жиберчүбүз жана Маскөөгө кайрылып, башка мындай кылбагыла деп сураганбыз, бирок Орусия биздин андай өтүнүчтөрүбүзгө эч көңүл бурган жок деп жооп берди.

Анын айтымында, сентябрдын аягында Грузияда кармалган орусиялык төрт офицер болсо жөн гана тыңчылык кылбастан, мамлекеттик төңкөрүш даярдап жүргөн, алар тыңчылар эле болгондо, маселе чындап эле тынч чечилиши мүмкүн болчу. Ал тууралуу Маскөөгө маалымат берилген жана Кремил аны жокко чыгарган жок, бирок абалды жумшарткандын ордуна Маскөө Орусияда жашаган грузиялыктарды кууп чыгара баштады, деди Грузия президенти.

Люксембургдун тышкы иштер министри жана Хавьер Солананын сунуштарына карабай, Люксембургдагы жыйында Маскөөнүн акыркы аркекеттерин катуу сынга алган чечим кабыл алынды. Европалык министрлер орус жетекчилигине кайрылып, аны - өлкө аймагында жашаган грузиялыктарга каршы аракет көрүүнү токтотууга чакырды жана Грузия блокадага алынганы тууралуу терең тынчсыздануу билдирди.

Үч күндөн кийин Финляндияда Европа Биримдиги менен Орусия жетекчилеринин жыйыны өткөрүлөт жана ага президент Путин дагы чакырылган.

XS
SM
MD
LG