Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

БАТКЕН: ЧЕК АРАДА ТОНОМОЙ, УРУП СОКМОЙ КҮЧ АЛДЫ


Cабыр Абдумомунов, Баткен Баткен облусунун Өзбекстан менен чектеш аймактарында акыркы бир жума ичинде эле өзбек чегарачылары менен кыргыз атуулдарынын ортосунда болгон үч жаңжалдуу окуя катталды. Алардын соңкусу - дүйшөмбү күнү (16-октябрда) Вуадил чегара бекетинде болду: анда өзбек чегарачылары менен кыргыз атуулдарынын ортосунда чыр чыгып, чегарачылар жолоочуларды автомат менен урганга чейин барышкан. Жабырлангандардын арасында жаш келин да болгон. Муну билдирген Баткендин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбек чегарачылары жана бажычылары эки тараптуу келишимдерди тоготпой, кенебестикке салып жатышат деп белгилешти.

Бишкектен каражат топтоп келаткан лейлектик Арстанбек Жаныбеков жана Идирис Маасалиев, Баткен районундагы Сох өзбек анклавында 3000 сомго жакын акчаларын өзбек бажычыларына алдырып коюшкан.

Алардын укуктук жактан талашып тартышуусуна жооп катары өзбек бажы кызматкерлери Сох райондук сотуна кайрылабыз, кыргыз атуулдарынын үстүнөн иш козгойбуз деп зекитип айтышкан.

Айласы кеткенден Арстанбек жана Идирис паспортторун өзбек чегарачыларына калтырышка аргасыз болушкан. Бул миңдин бир мисалы гана.

Айтсак акыркы алты күндүн арасында эле кыргыз-өзбек чегара тилкелеринде өзбек чегарачылары менен кыргыз атуулдарынын ортосунда болгон 3 жаңжал катталган.

Соңку окуя - дүйшөмбү күнү Вуадил чегара бекетинде өзбек чегарачылары менен кыргыз атуулдарынын ортосунда чыр чыгып, чегарачылар жолоочуларды автомат менен урганга чейин барган.

Андагы чатакташуунун себеби, Пүлгөн айылынын тургуну болгон улгайган кемпирдин болгону алты чакырымдык алыстыктагы Өзбекстандын Рыштан шаарына тууганчылап кайткан учурда паспортуна виза штампынын коюлбай калганы болгон.

Окуянын чоо жайын иликтөө үчүн Кадамжай районунун акиминин орунбасары Айдарали Асамидинов баш болгон бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Риштан чек ара бөлүгүнүн башчысы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп сүйлөштү.

Анда өзбек тарап өзүлөрүнүн чегарачыларынан күнөө кеткенин моюндарына алып, кечирим да сурашкан.

Бирок, ушундан кийин кайра эле эки-үч күн узабай өзбек бажы жана чегара кызматкерлери кыргыз атуулдарын кыйноосун улантыша берет, дейт Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев:

- Буга чейин деле ушундай жолугушууларды өткөзүп келгенбиз. Бирок жолугшуу өткөндөн бир эки күн өтпөй эле, өзбек чегарачылары тарабынан коркутуп үркүтүү, кыйноолор улана берет. Мындай фактылар бизде абдан көп катталууда.

Адистердин баамында, aкыркы убактагы расмий Бишкек менен Ташкендин мамилелеринин жакшырышы чек араларда орун алып жаткан көрүнүштөргө эч кандай оң таасирин тийгизе элек, тескерисинче, мурда кандай укук бузуулар болуп жаткан болсо, азыр алар салтка айланып эки эселеп уланып жатат.

- Эки президенттин жумшак мамилелери, жөнөкөй элге жетпеген денгээлдеги мaмиле. Жергиликтүү жерде мунун таасири жок. Жер-жерлерде баягы эле чегарачылар, баягы эле адамдар иштешет, алар үчүн акча алуулар салтка айланып калган, - деди жаңжалдарды иликтөө боюнча адис Асылбек Эгембердиев.

XS
SM
MD
LG