Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

ЕВРОБИРИМДИК КЫРГЫЗСТАНДЫК УЧАКТАРГА ЕВРОПА АЙМАГЫНАН УЧУУГА ТЫЮУ САЛДЫ


Европа Союзу Кыргызстанда катталган 27 авиакомпанияга өз аймагынан учуп өтүүгө тыюу салды. Мындай маалыматты Европалык Комиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгү интернет аркылуу таратты.

Еврокомиссиянын маалыматында, “Кыргызстанда каттоого алынган 27 авиакомпания учуу коопсуздугунун негизги талаптарына жооп бербейт” деп айтылат. Ошондуктан ал компаниялардын учактарына Европанын 25 өлкөсүнүн аба мейкиндигинен учууга тыюу салынган. Бир эле Кыргызстандагы авиакомпанияларга эмес, Азия жана Африка континенттеринде каттоого алынган жүздөн ашуун авиакомпанияга өз аймактарынан учууга улуксат беришпей турганы интернет аркылуу кабарланган.

Өлкөнүн Граждандык авиация департаментинин директорунун орунбасары Алымбай Абакировдун маалыматына караганда бул жагдайды түшүндүргөн Европалык комиссиядан расмий кат келе элек, эмне себептен 27 авиакомпанияга тыюу салганы толук далилдене элек. Интернет аркылуу жарыяланган маалыматтарга таянып чууру- чуу түшүүнүн зарылдыгы жок.

Өлкөдөгү “Эсен-эйр” авиакомпаниясынын президенти Бегалы Наргозиевдин айтымында, Араб өлкөсүнүн мурда Евросоюздун кара тизмесине түшкөн үч компаниясы Кыргызстанга келип катталгандыгы башкы шылтоо болуп, анын капшабы менен башка ишкерлер да жабыр тартканы, дүйнө жүзүнө антиреклама болгону туура эмес.

Мындай пикирди “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын жетекчиси Төлөн Арпачиев да билдирип, Европалык комиссиянын өкүлдөрү өлкөдөгү авиакомпаниялардын документтери, иши менен жакындан таанышпай туруп сыртынан тон бычып, иши илгери жүрүп жаткан авиакомпанияларга карата туура эмес бүтүм чыгарганын, алгач эскертүү бериши керек эле деген пикирин айтты.

Көз карандысыз эксперт Канат Исаевдин баамында, алар Европадагы ири авиазаводдордун учактарын сатуу, алар менен гана келишим түзүү максатын көздөп, аба мейкиндигине өз монополиясын орнотууну көздөгөн чечим. “Ошондуктан Орусия, Казакстан өлкөлөрү менен биримдикте Евросоюздун курамына кирген мамлекеттердин авиакомпанияларына өз аймактарынан учууга тыюу салуу менен тең ата мамилени орнотуу зарыл” деген пикирин билдирди Канат Исаев.

Өлкөнүн биринчи вице- премьер министри Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева жетектеген “Итек эйр” авиакомпаниясы да Евросоюздун кара тизмесине түшкөн. Бул чечим боюнча алардан өз пикирин билүүгө болгон аракетибизден майнап чыкпады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG