Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

КЫРГЫЗСТАН БАРСА-КЕЛБЕСТИН БОСОГОСУНДАБЫ?


«МСН» гезити бүгүн таң атпай Бишкекке Орусия эсеп палатасынын жоон топ өкүлү өз башчысы Сергей Степашин менен учуп келгенин кабарлады. Визиттин максаты- Бишкекте өтүүчү финансылык жогорку органдардын коррупция менен күрөшүүдөгү орду жана ролу деп аталган конференцияга катышуу. Конференция катышуучулары казынаны какшытып келаткан арам акчалардын жолуна бөгөт койуу маселесин талкууга алышат.

«Слово Кыргызстана» гезити президент К.Бакиев жакында өтө турган ишкерлердин курултайына катышарын, өлкө экономикасынын ядросу бүгүн дал ушул ишкер азаматтар экенин, президент К.Бакиев, эгер бир эле чиновник ишкерлерге бут тосо турган болсо катуу жазаланарын айтты деп жазды.

«Белый параход» гезити, Эларалык Валюта Корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Жеймс МакХью мырзанын өлкөнүн HIPC программасына кирүүдөгү айрым бир шарттарын шардана кылганына токтолуп, андай шарттардын бири- Кыргызстан бюджети менен ишканаларын башкарууну жана энергетика менен тоо-кен тармактарын реформалоого тийиш, ошону менен бирге эле коррупция менен катуу күрөшүүсү керек, дейт.

Гезит андан ары ушу тапта Кыргызстандын башын оорутуп жаткан газ, мазут, көмүр маселесине токтолуп, буларды сатып алуу үчүн эле 20 миллион доллар керектигин, казынада болсо муну төлөй тургандай дарман жоктугун, демек, эки жол барын, бири-алакан жайып ар кимден карыз акча издөө, ал издеген жолуңда эшигин чоң ачып, акчасын колуна кармап HIPC турганын, экинчи жолу- баягыдай эле бааларды кымбаттатуу амалы менен калктын жон терисинен кайыш тилүү деп жазат.

Ал эми ушул эле темага кайрылган «МСН» гезити, бирок, Эларалык Валюта Корунун Кыргызстандагы өкүлү эмнегедир бул программага кирерин кирип алып, андан байпагы манат болуп, байманасы ташып кеткер башка өлкөлөрдөн жок дегенде бирөөсүн мисалга тартпаганына өкүнөт.

Ал эми «Энесай» гезити, «Кыргызстан үчүн сценарийди ким жазат?» аттуу макаласында кыш өтө суук болорун, курчуп турган саясый кырдаал үйлөрдү жылыта албастыгын, демек HIPC программасына артка кылчайбай туруп кирүү оң болчудай деп жазды.
Баяндаган ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВБ
XS
SM
MD
LG