Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна алты талапкер президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдошуп, шайлоону тезирээк өткөрүүгө көмөктөшүүгө жана ректордун милдетин аткаруучу Ырысбек Өмүркановду кызматтан алууга чакырды. Эгерде маселени чечүүгө бийлик тарабынан көмөк көрсөтүлбөсө оппозиция менен биргеликте митингиге чыгаарын эскертишти. (AiT)