Венеция комиссиясынын жыйынында Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ иштеп чыккан конституциянын үч долбоору жана өткөн жылы Конституциялык кеңешме даярдаган долбоор талкууланды. 13-14-октябрда Венецияда болгон талкууга Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган делегация катышты. Төраганын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, комиссия Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду негиз катары алууну сунуштады. (AiT)