Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

ОН СЕГИЗ МИЛЛИОН БАЛА ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЖАБЫР ТАРТУУДА


Улуттар уюмунун балдар кору ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Түштүк- чыгыш Европа өлкөлөрү менен КМШ өлкөрүндө 15 жашка чейинки балдардын ар бир төртүнчүсү жакырчылыкта жашайт. Ал эми жалпы эсеп менен бул региондо 18 миллион бала кедейчиликтен жабыр тартууда.

Улуттар уюмунун балдар кору ЮНИСЕФтин 18- октябрда жарык көргөн баяндамасында 1998-2003- жылдардын аралыгында кедейчиликте жашаган балдардын саны кыскарып, 32 миллиондон 18 миллиондун деңгээлине түшкөндүгү айтылат. Бирок уюм бул аралыкта Түштүк - Чыгыш Европа менен КМШ өлкөлөрүндөгү балдардын жалпы саны төрөттөрдүн саны азайгандыктан 11 миллионго кыскарганын кошумчалайт. Ошентип азыр аталган региондо жашап жаткан 15 жашка чейинки балдардын орто эсеп менен ар бир төртүнчүсү жакырчылыкта күн көрүүдө.

Балдар арасындагы жакырдыктын көрсөткүчтөрү аталган чоң региондун ар башка чөлкөмдөрүндө ар түрдүү. Мисалы Чыгыш Европада балдардын болжолу менен беш проценти жакырдыкта жашаса, борбор Азиянын Кыргызстан сыяктуу кедей өлкөлөрүндө балдардын кеминде 80 проценти жакыр. Көп балалуу үй бүлөлөр өзгөчө кыйын абалда кала берүүдө. Региондун көпчүлүк өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактарына бюджеттен аз акча каралат. Мындан биринчи кезекте балдар жабыркашат.

Юнисефтин баяндамасында балдардын абалын жакшыртуу жаатында Югославия, Россия, Румыния, Казакстан жана Молдовада оң жылыштар бар экени белгиленет.

Баяндамада ошондой эле балдардын жана жалпы эле калктын саламаттыгына таасир эткен таза суу проблемасы кеңири чагылдырылган. Бул жерде да абал ар башка чөлкөмдөрдө ар түрдүү. Мисалы, баяндамага ылайык Россиянын элет жеринде жашаган калктын 88 проценти таза суу менен камсыз кылынган болсо, Кыргызстанда айыл калкынын 66 проценти, Тажикстанда 48, Түркмөнстанда 54 проценти гана таза суу ичишет. Калган бөлүгү же тазаланбаган сууну, же арык менен булак сууларынан пайдаланууга аргасыз.

Таза суу менен камсыз кылынбаган калк ар түрдүү жугуштуу инфекциялык ооруларга көп дуушар болот. Андан биринчи кезекте балдар көп жабыркашат. Борбор Азия республикаларында беш жашка чейинки балдардын өлүм көрсөткүчү да башка жерлерге караганда жогору. ЮНИСЕФтин баяндамасына караганда, бул региондо беш жашка чейинки ар миң баланын орто эсеп менен 38и ар түрдүү оорулардан өлүмгө учурайт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG