Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

ПАСПОРТ АЛУУ МАСЕЛЕСИ КАЙРА МАШАКАТКА ТҮШТҮ


Соңку кездери Кыргызстан жарандарын паспорт менен камсыздоо кайрадан оорлошту. Чет өлкөгө чыгуучу паспортту убагында ала албай зарлап күткөндөр кескин арбып барат. Ошол эле кезде эселентип акы төлөтүү жолу менен паспортту ыкчам даярдоо иштери күчөөдө. Андай бөлүмдөр региондордо да ачыла баштады.

Азыркы паспорт көйгөйүнө Ош шаардык паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Шералы Абиев мындайча токтолду:

-Сентябрга чейин паспорт менен камсыздоо жакшы эле болуп аткан. Азыр чет өлкөгө чыгуучу паспорттор келбей атат. Кечээ түштүк региону үчүн Ошко паспортту ыкчам даярдоо бөлүмүн ачышты. Зарыккандар 200 евро, 130 евро төлөп, 2-4 күндө ошондой паспорттуу болушат. Кызык жери, жөнөкөй тапшыргандардын паспорттору, ГАИРТтин айтуусу боюнча, аппараттарды оңдомоюн бастырууга мүмкүн болбой жатыптыр, ал эми тигинтип кымбат төлөсө аппараттары иштей берет экен?

Шералы Абиев ар бир паспортко төлөнгөн, маселен, 200 евродон болгону Кыргызстанга 60 гана сом мамлекеттик төлөм катары түшөрүн, калганы бүт молдовалык “Интел линкс” фирмасынын капчыгына кетерин белгиледи. Паспорт чыгарчулар арбын акча төлөтүү жагына ык коюп бараткандай деген оюн да жашырганы жок.

Жогорку Кеңеш депутаты Сайдилда Нышанов чет өлкөгө чыгуучу паспорттордун жетишсиздиги кыргызстандыктарды башка өлкөлөрдө да шерменде кылып жатат деген ойдо. Анын айтуусунда, азыр чет өлкөлөрдө жүргөн бир миллиондой кыргыз Кыргызстандагы калган кыргыздарды кошо багып атат. А Кыргызстан аларды паспорт менен камсыздоого жарабай жатканын жакында депутатка Дубайдагы кыргыз өкүлдөрү да кейиш менен айтышыптыр.

- Алар жыргаганынан жасалма паспорт менен жүрүшкөнү жок. Кыргызстандын паспортко алы жетпеген бечелдигинен ошентип кор болуп атышат! – деди.

Депутат Сайдилда Нышанов ошондой эле эселентип акча төлөтүү жолу менен паспортту ыкчам даярдоо бөлүмүнүн өркүндөшүнө караманча каршы.

Чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен камсыздоо эмне үчүн кайра начарлап кеткендигин Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Амангелди Кенжетаев мындайча түшүндүрдү:

-Чет өлкөгө чыгуучу паспортторду 5 жылда 650 миң даана чыгарабыз деп келишим түзүшкөн экен. Демек, бир жылда 125 миң паспорт. А биз быйыл 136 миң даана чыгардык. Молдовалык “Интел линкс” фирмасы аппараттарынын ашыкча паспорт чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектеп коюптур. Азыр кайра жасап жатышат. Ошондуктан паспорттор кечигүүдө.

Амангелди Кенжетаев ошол аппараттарды кайра жасоо, оңдоо иштери ноябрь айында бүтүп калышы керектигин да кошумчалап өттү.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG