Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

“ЭНЕСАЙ” ТОБУ БЕРЛИНДЕ КОНЦЕРТ КОЮП КАЙТТЫ


Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Берлин шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн он беш жылдыгына арналган маданий иш-чара өткөрүп, ал кечеде “Энеcай” тобунун көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Курмангазы Азыкбаев улуу Нурсултан менен эки саатка созулган концерт берип келишти. Бул иш-чарага бир катар элчиликтердин өкүлдөрү чакырылган.

“Энеcай” тобунун көркөм жетекчиси Курмангазы Азыкбаевдын айтымында маданий программаны Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев ачып, Кыргызстан жөнүндө айтып берген. Андан соң кыргыз эли-жерин, каада-салттарын чагылдырган видеоклип көрсөтүлгөн.

Андан соң “Эне Сай” тобунун концерти башталган. Эки саатка созулган концерттин жүрүшү тууралуу Курмангазы Азыкбаев мындай деди:

-Эки саат тынбай кыргыздын эски күүлөрүн, обондорун ойнодук. Андан сырткары классикалык чыгармалардан да аткардык. Ал эми уулум Нурсултан немец тилинде ырдап берди.

-“Мен ырдап жатканда коноктор стакандарын кое коюшуп, берилүү менен угушту. Кээ бирлери бийлеп да жатышты. Ошого карап жакшы эле кабыл алышты деп ойлоп жатам”- дейт топтун кичинекей ырчысы Нурсултан Курмангазы уулу.

Концерттин жүрүшүндө улуттук аспаптар менен ойноп эле тим болбостон ал аспаптар тууралуу маалымат да беришкен. Бул маданий иш-чарада келген коноктор кыргыз элинин улуттук кийимдерин көрүшүп, тамак-аш, суусундуктарынан даам сызышкан.

Ал эми концерт жыйынтыкталгандан кийин келген көрүүчүлөрдөн “Энеcай” тобун маданий иш-чараларга чакырабыз деген сунуштар да болгон. Мына ушундай эле чакыруу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен да болуп, Германиядан кайтып келе жатканда Анкарада 40 мүнөттүк концертин тартуулашкан.

“Негизи бул жолку чыгармачылык сапарыбыз жемиштүү болду, эми жакын арада Италияга барып концерт берүүнү ниет кылып жатабыз”- деди “Энеcай” тобунун көркөм жетекчиси Курмангазы Азыкбаев.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG