Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : «БИЗ АР КАНДАЙ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ДАЯРБЫЗ»


Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери чет өлкөлүк элчилер менен жолукканы жатат. Бул жолугушуунун максаты жана 2-ноябрга даярдалып жаткан митинг жөнүндө “Азаттыкка” кайрадан “Реформа үчүн” кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып берди.

- Оболу бүгүнкү иштерден сурайлы. Бүгүн кыймылдын жетекчилиги чет өлкөлүк элчилер менен жолукканы жатасыздар. Бул жолугшуу сиздер тараптын демилегиси менен өтүп жатабы жана максаты эмнеде?

- Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу демилгеси «Реформа” кыймылынан чыккан. Негизги максат “Реформа” кыймылынын алдындагы иш чаралар жөнүндө чындык маалыматты берүү. Анткени, өлкөдө ар кандай информациялар болуп, башкаламандык, граждандык кагылышуулар болушу мүмкүн. Мыйзамсыз бийлик органдарын басып алуулар пландаштырылышы мүмкүн деген ар кандай сөздөр таратылып жатат.

Ошондуктан биз “Реформа” кыймылынын иш чаралары менен алдына койгон максаттары менен маалымат берүүнү чечкенбиз.

- Жолугушууга дипломаттар элчилер деңгээлине келе турган болдубу. Кандай маалыматтар берилди?

- Менде маалымат жок. Бирок ар кандай деңгээлде болушу мүмкүн. Анткени, кээ бир элчилердин өзүлөрү белгилеген иш чаралары бар экен. Өз өлкөлөрүнөн келген чоң кызматтагы адамдарды коштоп жүргөн элчилер, региондорго чыгып жаткан элчилер бар экен. Алардын орунбасарлары, же кеңешчилери келип катышышат.

- Акүй тарап асыресе президент Курманбек Бакиев демилгечи катары чыгуучу тегерек столдон кабар барбы. Сиздер ага шартсыз эле барганы жатасыздарбы?

- Президент Бакиев жолугушуп тегерек столдо пикир алмашсак деген өз оюн басма сөз аркылуу билдирген. Бирок азырынча ал кандай форматта, качан, кайсы жерде болот белгисиз. Биз ар кандай сүйлөшүүлөргө даяр экендигибизди мурун да айтканбыз. Азыр да учурдан пайдаланып айтып койгум келет.

- Бирок, убакыт деле жакындап калды. Ушул жумада болушу керек эле, бул жума да аяктап баратат. Эки тараптын позицияларын жакындатууга үчүнчү ортомчул күчтөрдүн салымы, таасири болушу мүмкүнбү?

- Ар кандай күчтөрдүн таасири болушу мүмкүн. Бирок ал күчтүн эки тарапка тең таасири болушу керек, президентке жана граждандык коомчулукка. Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок, президент өз позициясын так аныкташ керек. Ал эмнени кааларын бүгүн так айткан жок. Ал кандай шарттарда реформага барарын аныкташ керек. Өзүңүз айткандай күн өткөн сайын мүмкүнчүлүгү азайып кетип атат. Президент биз менен макул болобу, болбойбу, бирок ачык оюн айтып, коомчулукка, элге өзүнүн долбоорун, позициясын айтып чыгышын каалар элек. Мына ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.

- 2-ноябрдагы митинг маселесин эртең Жогорку Кеңеш да өзүндө талкуулаганы жатат. Жалпысынан кандай баа берилиши мүмкүн? Түз обо маселеси чечилдиби?

- Жогорку Кеңеш талкуунун жүрүшүн толугу менен репортаж кылуу боюнча чечим кабыл алган. Бирок бул токтомду канчалык деңгээлде Кыргыз телевидениеси аткарат белгисиз. Менин оюмча, Жогорку Кеңеш чечим кабыл албайт. Депутаттардын позициясы кандай экенин шайлоочуларга, эл-журтка, кээ бир азаматтар өзүнүн позициясын президентке көргөзүп коелу деген аракети. Ал эми Жогорку Кеңештин токтому боюнча айтсак, митинг «Реформа” кыймылы көтөрүп жаткан талаптардын дээрлик баардыгы Жогорку Кеңештин чечими менен негизделген. Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып, ал аткарылбай жаткандан кийин гана граждандык активисттер ошону ишке ашышын талап кылганы митингге чыгып жатат. Ошондуктан митингдин талаптары бул толук жалпы элдин талабы деп айтсак болот. Анткени, Жогорку Кеңеш элдин атынан сүйлөй ала турган эки органдын бири.

- Туура эки аптадай убакыт калды. 2-ноябрга белгиленген митинг кандай болгон күндө да өтөбү?

- Митинг сөзсүз өтөт. Митингдин жыйынтыгы кандай болорун биз айта албайбыз. Канчалык даражада президент компромисcке барып, конкреттүү чечимдерди кабыл алат белгисиз. Бирок бир гана нерсе, биз мурун айткандай, бул митингдин моралдык жана психологиялык саясий таасири абдан чоң болот. Үчүнчү жолу он миңдеген адамдар бир эле маселе менен жарым жылдын ичинде кайрадан митингге чыгып жатат. Бул деген сөз алардын алдына коюлган максат актуалдуу, адамдар үчүн абдан зарыл, аларга көңүл бурбай койгонго мүмкүн эмес дегендикти билдирет. Тилекке каршы азыркыга чейин кыргыз бийлиги муну байкабай койгонго аракет кылып, күндө өтүп жаткан көп митингдердин бири катары көргөзгөнгө аракет кылып жатат.

Официалдуу органдардын маалыматы боюнча Кыргызстанда күнүнө эки митинг өтөт, ал эми официалдуу эмес маалыматтар боюнча ал мындан бир топ эсе чоң. Бирок оппозиция үчүнчү митингин өткөрүп жатат. Күнүнө 2-3 митингге карабастан, биз уюштурган митингди сындоо, терс жагынан көргөзүү аракеттери бийлик тарабынан тынбай жүрүп жатат. Мунун өзү мыйзамды бузуп, бирөөнүн менчиктерин, коомдук жайларды жана бийлик органдарынын имараттарын басып алууга окшогон тынымсыз митингдер акыркы бир жарым жылда жүрүп жатат. Ошолордун бирин да бүгүнкү бийлик туура эмес кылып атат, чечкиндүү чараларды көрбөстөн, тескерисинче мыйзам чегинде адамдардын конституциялык укугун талап кылган, өлкөдө мыйзамдуулуктун аткарылышын талап кылган саясий митингге каршылык күндөн күнгө күчөп тынымсыз өкмөттүн соккусуна алып келди.

- Түштүктө кокус антимитингдер болбойт бекен?

- Болушу мүмкүн. Мыйзамга ылайык, бирок аң-сезимге ылайык келбеген вариант. Эгерде тигил, же бул топ митинг өткөргүсү келсе алар ар дайым өткөрсө болот. Бирок, антимитингге атайын өчөшүп чыгып ошол күндөрү чыккан, менин оюмча, туура эмес болуп калат.

XS
SM
MD
LG