Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ЫСЫККӨЛ ОБЛУСУНДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 20-октябрда Ысыккөл облусунда атайын иш сапары менен болуп, медицина жана айыл чарба кооперативдеринин абалы менен таанышты. Ошол эле бул жолугушууда жакынкы 15 жылда Ысыккөл облусунун өнүгүү концепциясы талкууланды.

Президент Курманбек Бакиев облустук ооруканада болгондо журналисттер киргизилген жок. Ал эми Аксуу районундагы “Заря” үрөн чарбасында айыл чарба шаймандары сакталып калгандыгы көрсөтүлгөн менен жалпы элге толук кызмат көрсөтпөй жаткандыгы айтылды. Жетиөгүз районундагы жүн багытында меринос койлор өстүрүп аткан мамлекеттик чарбанын башчылары президентке көйгөйлөрүн айтууга батынган жок. Чарбанын эсепчиси Таалай Өркүнчиев аны "Азаттык" аркылуу билдирди:

- Бизге конкреттүү жайыттар бекитилип берилген эмес. Мурунку чарбага бекитилген жайыттар кайра алынып, жеке менчиктерге берилип кеткен. Азыр бизге тиешелүү жайыт жокко эсе. Бул жерди айыл өкмөттөн арендага алганбыз, - деди 400 австралия кочкорлору менен миңдей меринос койлорун көбөйтүүгө шарт болбой атканын белгилеген Таалай Үркүнчиев.

Ал эми чабан Айнагүл Жылкыбаева дүйнөдө мыкты деп эсептелген меринос койлорунун жүнүн сатуу көйгөйү дагы көмүскөдө калганын кошумчалады.

Президент мамлекеттик деп эсептелген бул кой чарбасынын карызына кызыкканда чарба башчысы Жеңиш Жаркынбаев 4 млн. сом өкмөткө бересе экенин айтты. Ага президент өзүн өзү актабаган мындай чарбаны кармап туруу керекпи деген маселе коюп, жумушчулардын эмгек акысын сурады:

- Килейген акчаларды расходдоп буларды алып, анан убыткада отурган кандай. Булардын эмгек акылары кандай?

Кандай чарба болбосун өндүргөн продукцияларын кайра иштетип, же болбосо аны сатмайынча акыбет кайтпайт, деп белгилеген Курманбек Бакиев, жүндү иштетүүчү ишканаларды ачуу сунушун айтты.

Облустук жыйындар залында президенттин 29-сентябрдагы кайрылуусундагы максаттарды ишке ашыруу үчүн облус иштеп чыккан өнүгүү концепциясы талкууланды. Ага облустагы бардык район, облус жетекчилери катышып бир катар сунуштарын айтышты. Облустун 15 жылга өнүгүү концепциясы элдик талкуудан өткөндөн кийин ал ноябрь айында өкмөткө сунушталары аныкталды.

XS
SM
MD
LG