Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:07

МУРАТБЕК ИМАНАЛИЕВ : БИЙЛИК ЖАҢЫЛЫШТЫКТАН- ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРГА ГАНА БАРАТАТ


Кыргызстандын азыркы бийлиги менен оппозициянын калкты оор саясий-экономикалык абалдан алып чыгар айкын программасы жок. Жалаң бийликтин кумарына азгырылган эки тарап тең жаңылыштан – жаңылышка гана бараткандай таасир калтырат. Бул ой Бишкектеги коомдук саясат институтунун ачылыш аземинде арбын айтылды.

Жаңы муун саясатчыларды такшалтуунун чоң мектеби катары түзүлүп жаткан коомдук саясат институтунун жетекчиси Муратбек Иманалиев ушу тапта Кыргызстандагы саясий окуялар бийлик менен оппозициянын айырмасына караганда окшоштуктары көбүрөөк экенин айкындап жатканын белгиледи.

- Биз жаңылыштыктан – жаңылыштыкка гана баратабыз. Биздин өлкөнүн парадоксу бул, бийлик чоң жаңылыштыктан чоң жаңылыштыкка баратат, өзгөрүлбөс саясий конюнктуранын өңү мына ушул кемчиликтер кеткенде гана тултуюп ачыкка чыгып калууда,- дейт М.Иманалиев.

«Интерньюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору Эльвира Сариева бийлик оппозиция менен жалпы иштин кызыкчылыгынан чыгып сүйлөшүүлөргө барбай жатат, деген пикирде. Ошол эле мезгилде оппозиция бийликке кысым көрсөтүүнүн ыкмасы катары кыска мөөнөт чектөөнү өнөр кылып алды.

- Менин оюмча, күрөш адамдардын ортосунда эмес, идеялар арасында болушу керек. Бизде болсо азыр күрөш кайсы бир идеялык негизде эмес, жеке Иванов, Петров, Сидоровко каршы жүрүүдө,- дейт Элвира Сариева.

Бийлик менен оппозициянын мунасасы, «Медиаөкүл» институтунун жетекчиси Шамарал Майчиевдин ырастоосунда, биринчи кадамдан башталышы керек.

- Англичандар «кадам артынан кадам» деп коюшат. Оппозициянын бардык талабын алеки саатта аткарып ийиш кыйын. Бирок да ишти бирден-экиден жасоого кирише берүү туура болот. Биринчи иретте, шайлоо маселесин чечип, партиялык тизме боюнча тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү зарыл.

Бийлик мунасага келишпей, оппозиция талаптарын жалаң гана аянттардан угузуп калганы бул экөөнүн тең жооптуу милдетти аркалоого жөндөмсүздүгүн көрсөтөт, дейт «Заар калем» теледолбоорунун жетекчиси Динара Суймалиева. Анткен менен оппозицияны көчө дипломатиясына алып барып аткан бийликтин өзү болууда, ошондуктан анын жоопкерчилиги чоң.

- Бийликтин эсинен кечээкиси чыгып калса, ал жок дегенде өзүн коргоп калуунун амал-айласын жасашы керек эле. Мага азыркы бийлик андай сезимден куржалак калгандай сезилет.

Бул Динара Суймалиеванын пикири. Ал эми мамлекетти катчы Адахан Мадумаров бийлик эч качан кеп-сөздөн качпаганын айтып, болгон маселенин баарын сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө даяр экендиктерин ырастады.

- Эгер биз цивилизациялуу өнүккөн мамлекет бололу десек, эрөөлгө чыкканда да бири - бирибиздин көзүбүзгө тике карап, анан ошол жердеги болуп аткан сөздү ушакчылардын сөзүндөй кылбай, бүтүндөй кыргыз журтчулугу көрүп турушу керек. Анан бааны эки-үч гезит же эки-үч саясатчы бербейт. Бааны жумурай журт бериши керек.

Кайсы бир саясат таануучу айткандай, Кыргызстан – парадокстардын өлкөсү. Бүгүн кызматта турганда бийликти жактап, эртең андан кеткен соң оппозициянын камчысын чаап, бүрсүгүнү дагы бир башка идеянын арыгына суу буруп жүргөн кишилер толтура. Коомчулукту түйшөлткөн маселе, бийлик каршылаштарынын жүйөө - аргументтерин Бишкектин «Алатоо» аянты аркылуу айтууну туура көрүп, Акүйдүн жогорку кабатында олтургандар сүрмөтоп жыйындан кийин гана конституциялык реформаны илгерилетип, башта айтылган убадаларын эстеп калганы болууда.

XS
SM
MD
LG