БИШКЕК. “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусу болбой калды. Бул тууралуу аталган кыймылдын штаб башчысы Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди. Кыймылдын мүчөлөрү жолугушуудан баш тарткан себептерин “24 KG” агенттигинде маалымат жыйынында айтып берип атат. Ал эми Ак үйдөгүлөр оппозиция менен жолугушууга даярданып жатышканын президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди.
Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров болсо “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен президент жолугушат, деп кечээ маалымдаган. Жолугушуу бүгүн саат 11де болмок.
Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров болсо “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен президент жолугушат, деп кечээ маалымдаган. Жолугушуу бүгүн саат 11де болмок.