Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕЛЕРИНИН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ


Эми Борбордук Азиядагы дипломатиялык алакалар тууралуу кезектеги баянга назар салыңыздар. Былтыр 24-марттагы ыңкылаптын негизинде бийлиги алмашкан Кыргызстан ушул тапта конституциялык реформалардын ирегесинде турат. Анын коңшусу Өзбекстанда болсо 2005-жылдын май айындагы кандуу Анжыян окуяларынан кийин авторитардык режим ого бетер чыңдалып, ар кандай оппозициялык кыймылдарга жана көз каранды эмес ой жүгүртүүлөргө каршы катаал иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бирок, ошол эле учурда соңку айларда расмий Бишкек менен расмий Ташкендин ортосундагы салкын мамиле кыйла жумшара баштаганы байкалат. Деги, “ыңкылаптын өкмөтү” менен Каримовдун режиминин ортосундагы мындай жакындашуунун кандайча оош-кыйыш жактары бар?

Кыргызстан менен Өзбекстанды бөлүп турган Достук чек ара бекети – эки өлкөнүн калкынын күндөлүк карым-катнашы кызуу жүргөн көпүрөнү элестетет.

Кыргыз чек арачыларынын айтымында, бул бекеттен күнүнө болжол менен төрт миңдей киши (ишемби-жекшемби күндөрү – жети миңге жакын киши) ары-бери каттап турат.

Чек ара бекетинин Кыргызстан тарабынан кабарчыбыз Кубаныч Жолдошевге учураган айрым өзбекстандык жолоочулардын сөзүнө кулак төшөйлү:

Өзбек аял: - (Чек арадан) өтүш азыр кыйын болуп жатат. Чек ара бекеттеринде пул сурап жатышат. Биз үчүн тээ аркы көпүрөдө (ары-бери өтүү мүмкүнчүлүгү) болсо жакшы болоор эле. Биз соода үчүн келебиз ушул жерге. Бул жерден товар ташыйбыз. Келечекте жолдорубуз ачык болсо, албетте, ар качан кыргыздар менен өзбектер дос болуп кала берет.

Өзбек киши: - (Бизде) кыйынчылык болду. Бул жерге өтүшкө мажбур болдук да. Өтүп атат элек (чек арадан) Ушу.

Кыргыз киши: - Эми, кылымдардан бери кошуна жумурияттар бири-бирибиз менен кошуна жашап жатабыз да. Эми визасы жок режим болсо элге кыйла жакшы болот да. Бул жакта да, (тигил жакта да) туугандарым бар. Барыш-келиш, конокко келүү, той-торопого, төркүлөп келүү сыяктуу жагдайлар болот экен. Визасы жок бири-бирибизге каттаган шарт түзүлсө абдан жакшы болот эле го деп ойлойм.

Жакында “Азаттык” үналгысына электрондук почта аркылуу жазган катында Дөөлөт Абдилман аттуу кыргыз атуулу да чек ара көйгөйлөрүн козгоп, Өзбекстан тараптагы урук-туугандарга баруу кыйын болуп жатканын белгилеп, бийликтер бул маселени териштирсе экен деген суроо-талабын жазган.

Эми чек ара тилкесинен оолактап, Кыргызстандын байтактысына келсек.

Виза көйгөйү чечилүү жолунда

Ордо шаар Бишкектин көчөлөрүндө канчалык көп машина карама-каршы багытта ары-бери зуулдап турса, Кыргызстан менен Өзбекстандын карым-катнашы тууралуу мындагы көз караштар да ошончолук кайчы келүүдө.

Чынында да, азыркы кыргыз-өзбек расмий ымалаларын жөндөө, чек араны тактоо, виза маселеси, адам укуктарынын сакталышы, аймактык коопсуздукту сактоо көйгөйү менен демократиялык баалуулуктарды тутуу жаатында бишкектиктерде бири-бирине төп келбеген ар кыл мамиле, кайчы пикирлер бар.

Кыргыз бийлиги расмий Ташкен менен эч кандай тирешүүлөргө барбастан чечип алууга ынтызар маселелердин бири – чек ара маселеси. Ушул тапта эки өлкөнүн 1376 чакырымдай орток чек арасынын 993 чакырымы боюнча талаш-тартыш жок. Бирок чек аранын калган бөлүгү дагы да тактоону талап кылат, өзгөчө 50дөй чек ара тилкеси айрыкча талаш-тартыш жаратууда.

Ошондуктан, президент Бакиевдин Ташкенге жасаган расмий сапары маалында чек ара маселесин болочокку тактоо иштери үчүн калтыра туруу керек деген чечим кабыл алынды.

Эки президент тең бул маселеде ар өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары эске алынышы керектигин баса белгилешти.

Жогоруда белгиленген виза көйгөйүнө келели.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин үстүбүздөгү жылдын 3-4-октябрындагы Өзбекстанга расмий сапары маалында өз ара визасыз карым-катнаш боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.

(Расмий Ташкен айрым коңшуларына, анын ичинде Кыргызстанга визаны биринчи болуп киргизген. Кыргызстан ага жооп берүүгө аргасыз болгон).

Бул жаңы келишимдин мааниси жана болочогу тууралуу кыргыз тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай дейт:

- Бул келишим боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атуулдары 60 күнгө чейин бири-бирине визасыз барышы үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары, (атуулдар) 3 күн регистрациясы жок, мындай, жөн эле барса болот. Бирок бул келишимди азыр парламенттер ратификациялашы керек. Андан кийин тышкы иштер министрликтери өз ара нота алмашат. Ошондон кийин (келишим) күчүнө кирет.

Бирок Бишкектин расмий Ташкен менен жакындашуусу виза маселеси менен гана чектелбейт эмеспи.

Анжыяндын оор жарааты

Былтыркы 13-майдагы Анжыяндагы көтөрүлүш ырайымсыз басылып, жүздөгөн бейкүнөө кишилер Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнөн мерт болгон. Өз укуктарын коргогусу келген көтөрүлүшчүлөрдү расмий Ташкен диний экстремисттик агымдын жана эл аралык террорчулуктун тарапкерлери катары жарыялап, алардын кыймылын айоосуз басты.

Бул окуялардан соң, Анжыян аянтына чогулган жүздөгөн демонстранттар жана тек гана сырттан байкап турган карапайым кишилердин бир далайы Кыргызстанга качып келип, баш паана тапкан.

Алардын арасында болгон анжыяндык эки качкын айым былтыр май айында “Азаттык үналгысына” мындайча арыз-арманын айткан:

Биринчи айым: - Ошол пайтта (Анжыяндагы демонстрация маалында) үйгө кайтып кетебиз дедик эле, бирок кайтышка ылаажы болбоду. Атышты. Эми коркобуз, жүрөгүбүз түшүп калды. Менин да эки перзентим калган үйдө. Бардыгыбыздын ал түгүл төрттөн, алтыдан балабыз бар. Эмчектеги балдарыбыз да бар, таштап келдик, акмакка. Үйгө кирели десек, бардыгыбызга ок жаап жатты.

Экинчи айым: - Бизге ушул өзүбүздүн солдаттарыбыз, аскерлерибиз ок атканы жанга батып кетти. Аялдарга, өз эжелерине, өз энелерине, чоң энелерине ок атышты. Ок жамгыры астында ушул Кыргызстанга чейин жетип келдик. Рахмат, силерге, бизди коргоп атканыңар үчүн рахмат!


Оболу Кыргыз бийлиги эл аралык милдеттенмелерин дээрлик так аткарып, 440тай өзбек качкынын (2005-жылы 29-июлда) үчүнчү өлкөгө жөнөткөн болчу.

Бирок андан бир жыл өтүп-өтпөй, расмий Бишкек президент Ислам Каримовдун режими менен кызматташтыкка өттү.

Кайсы жагдайда коңшулук кызматташтык чочулатат?

Алатоодогу бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана ал түгүл Президентке караштуу Адам укуктары комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун сыяктуу айрым расмий өкүлдөр да Кыргызстан менен Өзбекстандын коопсуздук кызматтарынын соңку учурларда өз ара тыгыз кызматташа баштаганына терең тынчсызданууларын билдирүүдө.

Акыйкатчы (Ombudsman) Турсунбай Бакир уулу Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин октябрда Ташкенге жасаган расмий сапарынын оош-кыйыш жактары тууралуу “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

Акыйкатчынын оюнча, демократиялык реформалар жүргүзүүгө талаптанган Кыргызстандын бийлиги Ташкендеги адам укуктарын кадырлабаган режимдин коопсуздук кызматчыларын өлкөгө жолотпоого тийиш.

- Президенттердин достугу – атайын кызматтардын эле достугу болушу керек эмес. Элдердин достугуна айланышы керек. Коңшу өлкөнүн атайын кызматтарынын (Кыргызстандагы) ишмердүүлүгүнө биз тыйуу салышыбыз керек. Кыргызстан – эгемендүү мамлекет. А жанагындай эле, газдын баасын түшүрүү үчүн, же болбосо, Өзбекстан динчилер менен күрөшүп атса, биз аларга жардам беребиз деп өз аймагыбызда күрөшүү – бул акылсыздык.

Кыргыз укук коргоочуларынын айтымында, Бишкектин расмий Ташкен менен коопсуздук жаатындагы соңку кызматташтыгы Кыргызстандын эл аралык беделине орду толгустай доо кетирүүдө.

Өзбек качкындарынын аянычтуу тагдыры

Үстүбүздөгү жылдын 9-августунда өзбекстандык төрт качкын (Жахангир Максудов, Йакуб Ташбаев, Адилжан Рахимов жана Файаз Тажыхалилов) жана качкын макамын алууга аракеттенип келген бир өзбек атуулу (Файаз Тажихалилов) Кыргызстандын башпрокурору Камбаралы Конгантиевдин уруксатынын негизинде Өзбекстан бийлигине тымызын өткөрүлүп берилген. Оштогу убактылуу абакта кармалган бул беш өзбек атуулунун Ташкенге өткөрүлүп берилиши жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта чоң чуу жаратты.

Бириккен Улуттардын Качкындар маселеси боюнча агенттигинен качкын макамын алган бул төртөө жана ушундай макам үчүн арыз жазган бешинчи киши былтыр Өзбекстандын өтүнүчүнө ылайык камакка алынып, Оштогу убактылуу абакта кармалып келген. Расмий Ташкен аларды былтыркы Анжыян козголоңуна катышы бар “коркунучтуу кылмышкерлер” катары айыптап келет.

Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган Финляндия бул качкындардын Бишкек тарабынан Ташкенге өткөрүлүшүн 1951-жылы кабыл алынган “Качкындар Конвенциясын” одоно бузуу катары кескин сынга алды.

(Кыргызстан расмий кол койгон бул “Конвенцияда” тигил же бул качкынды ал өзү качып чыгууга аргасыз болгон өлкөгө мажбурлап кайтаруу мүмкүн эместиги белгиленген).

Бул окуядан көп узабай Бишкекке келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер (Richard Boucher) да Вашингтондун кыжаалат маанайын мындайча билдирген:

- Биз бул кадамга абдан нааразы болгонубузду айтууга тийишмин. Соңку бир жылдын аралыгында, - өлкөгө качкын макамын алуу үчүн баш паана издеп келген 430дай кишини эске алсак, - Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык жашап келген. Бул милдеттенмелер абдан олуттуу мааниге ээ. Биз бул милдеттенмелер аткарылса экен деп үмүттөнөөр элек.

Ал эми өзбек качкындарынын укук-таламдарын коргоо менен түздөн-түз алектенген уюмдардын бири – “Адилет” уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова болсо бул өзбек качкындарынын кейиштүү тагдыры президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге жасаган расмий сапарын даярдоодон улам болду деген оюн “Азаттыкка” (9-августта) мындайча айткан:

- Бул президент (Курманбек) Бакиевдин Ташкенге сапарга аттанаар алдында президент (Ислам) Каримовго жасаган өзгөчө белеги болуп калды. Мына ушундай. Кантип муну башкача түшүндүрмөк элек. Бул айдан-ачык болуп турбайбы. Тек гана өкүнгөнүм - ушундай “өзгөчө белек-бечкектерди” даярдоого (Кыргызстандын) Башкы прокуратурасынын катышкандыгы болду. Бул мекеме – мыйзамдуулук нормаларын сактоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзүүгө тийиш болгон мекеме эмеспи!

Бирок укук коргоочулардын атажуртуна мажбурлап кайтарылган өзбек атуулдары тууралуу мындай айыптоолорун кыргыз баш прокурору К.Конгантиев өзүнө жууткан жок:

- Өзбекстанда зөөкүрчүлүк кылып, кылмыш жасап, Анжыяндын прокурорун зөөкүрчүлүк менен өлтүргөн жанагы (Расулжан) Пирматов, дагы башкалары Кыргызстанга качып келген. Мына, менин пикирим - кылмышкерлер, адам өлтүргөндөр түрмөдө жатышы керек.

Кыргызстандагы кырдаал бул өлкөгө баш паана издеп келүүгө аргасыз болгон башка өзбек качкындары үчүн да кооптуу болуп калгансыды.

Бозгундарды уурдап кетүү аракеттери

Расмий Бишкек четке каккан бир катар маалыматтарга караганда, кыргыз бийлигинин тымызын макулдугуна таянган өзбек коопсуздук кызматкерлери Кыргызстанга баш паана издеп келген айрым өзбек качкындарын таламандын так түшүндө Кыргызстандын аймагынан уурдап кеткен учурлар болду.

Айтмакчы, айрым уурдалган өзбек качкындары Анжыяндын абагында жатканы тууралуу укук коргоочулардын маалыматын расмий Бишкек да, расмий Ташкен да четке какты.)

Бирок ошондой уурдоо аракетине өз көзү менен күбө болгонун (өзбекстандык коопсуздук кызматынын өкүлү кыргызстандык кесиптешинин колдоосуна таянганын) “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” мындайча баяндайт:

- Мына, (быйыл) 14-август күнү Оштон Мырзаев деген качкындар үй-бүлөсү, алты адамдан турган (үй-бүлө), ошолордун үйүнө кечки саат жетиде Исаков Имат деген ошол (Кыргызстан УККсындагы) 9-бөлүмдүн капитаны келип, ал өзү жалгыз келбестен, Ташкенден (Өзбекстан) улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү менен кошо келип, аларды кармап кеткенге аракет кылган жеринен мен өзүм барып, - мени менен дагы укук коргоочулар бар болчу, юристтер, - биз ошолорду бербей сактап калдык.

Азиза Абдырасулованын айтымында, былтыр 9-июнда жана быйыл жайында Ташкенге өткөрүлүп берилген качкындардын кийинки тагдыры таптакыр белгисиз. “Авторитардык режим орноткон коңшудан корксок, анда эл аралык келишимден баш тартышыбыз керек”, - дейт бул укук коргоочу.

Арийне, укук коргоочулардын мындай тынчсызданууларын расмий Бишкек четке кагып келет. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов коопсуздук күчтөрүнүн кызматташтыгын аймактагы террордук коркунучка каршы чогуу-чаран күрөшүү зарылчылыгы менен байланыштырат:

- А, жанагы коопсуздук маселелери боюнча биздин эки мекеме мындай өз ара кызматташса, бул эмне, жаманбы? Өзүңөр билесиңер, терроризм маселеси - бул бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөдөгү чоң мамлекеттер (террорчулукка) жалгыз туруштук бере албай атат. Ошон үчүн биз жалпы эл аралык коомчулук менен, жалпы кошуналар менен бирдикте кызматташуубуз керек.

Бирок кыргыз укук коргоочулары террорго каршы күрөш маселеси бийликтин демократиялык баалуулуктардан тайыган кадамы үчүн шылтоо болуп калбашы керектигин байма-бай айтып келишет.

Ал түгүл “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова президент К.Бакиевди Ташкенге жасаган расмий сапары маалында күчтөп мекенине кайтарылган өзбекстандык качкындардын кийинки тагдыры маселесин козгобогондугу үчүн кескин сынга алды:

- Качкындарды ошол кыйноо өлкөсүнө өткөрүп берген мырза (президент Курманбек) Бакиев алардын тагдыры боюнча эч кандай маалымат ала албагандыгы – эң начар нерсе деп эсептейбиз, анткени революциядан кийинки президент (адам укуктары жана эркиндиктери жаатында) авторитардык режимдин лидери (Ислам) Каримовго таасир берет деген үмүттө болчубуз.

Коңшулук мамиленин оош-кыйыш жагы

Арийне, бир жагынан, эл аралык террордук күчтөргө байланыштуу чыныгы кооптуу жагдайлар авторитардык режимдер корккон ички-тышкы жасалма коркунучтар менен кошул-ташыл болуп, Кыргызстанды Өзбекстанга гана эмес, коммунисттик Кытай менен пост-советтик Орусияга да ыктатып келет.

Экинчи жагынан, расмий Ташкен менен газ, суу жана электр кубаты жаатында гана тил табышпастан, башка да өз ара чарбалык алакаларды, байыркы Улуу Жибек Жолунун таманы менен заманбап унаалык карым-катнашты жандандыруу зарылчылыгы Бишкекти батыштагы коңшусу менен андагы режимге карабастан прагматикалык нукта жакындашууга аргасыз кылууда.

Борбордук Азия боюнча адистердин бири, мурдагы Кыргызстандын Индиядагы элчиси, тарыхчы Бакыт Бешимов азыркы тапта Кыргыз-Америкалык Борбордук Азия университетинде проректор болуп иштейт.

Профессор Бакыт Бешимов кыргыз-өзбек алакаларынын тарыхый башаттары терең экенин танбайт, бирок ошол эле учурда Ташкендин азыркы авторитардык режимине кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин эскертет:

- Өзбек эли менен сөзсүз түбөлүккө дос мамиледе болушубуз керек. Жакын элбиз. Тамырыбыз бир, тарыхыбыз бир, базарыбыз да бир, мазарыбыз да бир. Бирок кээ бир келечеги жок режимдер менен мындай түптүү мамиле түзгөндөн алысыраак болушубуз керек. Өтө кылдаттык менен тышкы саясатты жүргүзсөк. Алардын капасына түшүп калбайлы. Алардын кээ бир учурда күмөндүү болгон саясатына байланып калбайлы.

Ошентип, Алатоодогу саясат чөйрөсүндө, бир чети, азыркы Ислам Каримовдун режиминен чочулаган, аны менен тыгыз байланыш түзүү аракетине карата санааркоосун туюнткан, же, тескерисинче, коңшуларга алардын катаал режимине карабай достук кол сунууга чакырган үндөр байма-бай чыгууда.

Маданий көпүрө

Бирок, ошол эле учурда, эки коңшу өлкөдөгү көркөм өнөр дүйнөсүнүн өкүлдөрү өз ара байланыштарын үзгүлтүксүз улантууга умтулуп жатканы да турмуш чындыгы.

Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Өзбекстандын жаш жана таанымал поп ырчыларынын бири Шахзада айым (өзбекче – Шахзода) Бишкекке келип, концерт коюп, жаштар үчүн оюн-зоок уюштуруп, чыгармачыл достуктун көпүрөсүн чыңдоого өзүнүн жекече салымын кошуп кетти.

Алатоодо жаштар котологон ар кыл дискотекаларда башка тилдердеги ырлар менен кошо өзбек ырларын да ыракаттана угуп, бийге түшкөн кыргыз улан-кыздары сейрек эмес. Кыргыз театрлары Ташкенге барып, аймактык фестивалдарга катышкан учурлар да бар. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын маашырлана өзбекчеге которгон ташкендик зыялылар да арбын.

Тектеш

XS
SM
MD
LG