Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:11

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ БИРИН БИРИ КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ


“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусу болбой калды. Анын себебин түшүндүргөн депутат Темир Сариевдин айтымында, кечээ - 20-октябрдагы бийлик менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында оппозиция менен бийликтин жолугушуусунун форматы бекилген болчу. Бирок Темир Сариевдин айтымында, бүгүн эртең менен жолугушуунун алдында президент кечээки форматка кирбеген дагы бир нече адамды топтогону белгилүү болгон. Оппозиция андай форматка макул болбой, кезигүүдөн баш тартты.

Бирок президент К.Бакиев кийин оппозиция жолугушуудан антип баш тартканын уккан соң мен алар менен жалгыз болсо да жолугушууга даярмын деп билдирген. Бул тууралуу "Азаттыкка" президент алдындагы адам укуктары комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун айтты. Бирок оппозиция президент К.Бакиевдин андай сунушунан да баш тартты.

Ошол эле маалда оппозиция өкүлдөрү маалымат жыйынынын өткөрдү. Ал жерде депутат Темир Сариев бийлик менен оппозициянын бүгүнкү жолугушуусунун болбой калышына президент Бакиевдин өзү сүйлөшүүнүн бекишкен форматын бузганы үчүн күнөөлүү деп билдирди.

"Реформа үчүн" кыймылдын лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиев эбак эле "саясий өлүк" болуп калган, аны менен сүйлөшүү аны кайра "тирилтүүгө" барабар, деп айтты. Алмаз Атамбаев Кыргызстан 1990-жылдардагы Тажикстанга айланат, деген чочулоолорду бийлик ойлоп таап жатканын, азыр Бакиевдин үй-бүлөсүнө каршы эч ким курал алып көчөгө чыкпасын билдирди.

"2-ноябрда талап-тоноочулук болбойт, эгер болсо аны бийлик гана уюштурушу мүмкүн", деп кошумчалады А.Атамбаев.

Оппозиция президентке өз талаптарын маалымат жыйынында билдирди. Алар мындай:

2005-жылдын 17-июнунда маалымат каражаттарына жарыяланган Конституциянын вариантын Жогорку Кеңешке сунуштасын.

Парламент токтомунда айтылгандай оппозиция өкүлдөрү курамына кирген коалициялык өкмөт түзсүн.

Сөз эркиндигин камсыз кылып, "Пирамиданын" обого чыгуусун камсыз кылсын жана маалымат каражаттарына кысымды токтотсун.

КТРди коомдук телерадиокомпания кылам деген убадасын аткарсын.

Парламент комитетинин жана президенттик администрациянын чечимдерин аткарып, Башкы прокурор жана Бишкек ИИБ башчысы Камбаралы жана Молдомуса Конгантиевдерди кызматтан алсын.

Үй-бүлөлүк бизнес токтотулсун.

Темир Сариевдин айтымында, бул талаптардын аткарылышы бир гана кишиге - Конституциянын гаранты болгон президентке байланыштуу.

Президент К.Бакиев өз кезегинде оппозициясы сүйлөшүүнү эмес, ультиматум формасын тандап алып жатат, деп билдирди. Ал бул сөзүн бүгүн оппозиция менен жолугушуу болбой калгандан кийин Кулов, Мадумаров жана Абдылдаевди кабыл алган учурунда билдирген. К.Бакиевдин айтымында, "бийлик кандай гана форматта болсо да жолугушууга даяр эле, эл муну билүүгө тийиш".

Азимбек Бекназаров болсо эгер 2-ноябрга чейин бийлик оппозиция менен жолугушпаса К.Бакиев менен оппозиция Алатоо аянтында сүйлөшүүнү баштаарын билдирди.

Сүрөттө: Буга чейин оппозиция өз талаптарын бир нече жолу билдирген (Оппозициянын 27-майдагы митингинен бир көрүнүш).

XS
SM
MD
LG