Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

14:00 Курманбек Бакиев: “Реформа үчүн” кыймыл диалогду эмес, талап коюу жолун тандап алышты”


БИШКЕК. “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү диалогду эмес, өктөм талап коюу жолун тандап алышты, деп билдирди президент Курманбек Бакиев. Ал бул сөзүн оппозиция менен бүгүн жолугушуу болбой калгандан кийин премьер-министр, мамлекеттик катчы жана президенттин администрация башчысын кабыл алган учурда айтты.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришинче, бүгүн өкмөт үйүндө саат он бирде кыймылдын мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусу болжолдонгон. Ага бийлик Жогорку Кеңештин төрагасын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн да чакырган. Жолугушуунун мындай форматына макул болбогон “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү президент менен сүйлөшүүдөн баш тартышкан. “Президент Бакиев кийин алар сунуштаган форматта да жолугушууга макул болду, бирок оппозиция буга да ынанган жок”, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG